Menu

Өзбекстанда мугалим, дарыгерлерди өнүп кеткен жашылча сатып алууга мажбурлашууда

Бөлүшүү:

Кашкадарыя облусунда бийлик дарыгерлерге кеминде 20 килограммдан өнүп кеткен пияз жана картошка сатып алууга мажбурлоодо. Медицина кызматкерлери маалымдагандай, алар эгер талап аткарылбаса, жумуштан бошотобуз деп коркутушууда.

“Адатта ар бейшембиде айылда иштеген дарыгер жана медайымдардын катышуусунда жыйын өтөт. Акыркы жолу медициналык бирикменин башкы дарыгери бизге өзгөчө көрсөтмө берди. Анын айтымында, облустан бизге бир нече тонна картошка жана пияз жөнөтүлүптүр. Эми облус жана район бийлиги бул жашылчалардан 20 килограммдан кем эмес сатып алууну талап кылууда. Жетекчилик баш тарткан кызматкерлер жумуштан кетүү тууралуу арыз жаза берсе боло турганын айтты”, – деди атын атагысы келбеген дарыгерлердин бири.

Анын билдиришинче, Китаб районундагы медицина кызматкерлери бакчаларында жашылча-жемиш өстүрүшөт, андыктан өнүп кеткен картошка, пияздарды сатып алууну каалашпайт.

Райондогу мугалимдердин бири буга чейин аларга дагы өнүп кеткен жашылча сатылганын маалымдады. “Облус жетекчисинин жакын адамы кышка карата көп өлчөмдө картошка, пияз камдаган. Бирок аны убагында сата алган эмес. Эми аларды чиновниктердин жардамы менен мугалим жана дарыгерлерге сатууда. Быйыл базарда пияз көп. Бир килосу 500-800 сум. Бизди болсо 1800 сумдан (0,3 АКШ долларынын тегереги) сатып алууга мажбурлашкан. Картошка 3000 сум, бизге 3800 сумдан сатышты”, – деди ал.

Китаб райондук медицина бирикмесинин башкы дарыгери Хаким Саидов бул маалыматты четке каккан жок. Бирок Кашкадарыя облусунун саламаттык сактоо башкармалыгы кызматкерлерге мажбурлоо жолу менен пияз, картошка сатылып жатканын төгүндөдү.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 31 = 40

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: