Menu

Кудратходжаев: талиптер Ташкентке келбейт, бирок алар баарын угат

Бөлүшүү:

«Талибан» кыймылынын өкүлдөрү Ооганстан боюнча Ташкентте өтө турган «Коопсуздук жана аймактык өз ара аракет тармагындагы тынчтык жараяны» конференциясына катышпайт. Бул туурасында 26-мартта конференциянын маалымат катчысы Шерзод Кудратходжаев билдирди.

«Алар («Талибан» кыймылы) бүгүн дагы, эртең дагы келишпейт, бирок алар баарын угат», –деди Кудратходжаев.

Ооганстан боюнча конференциянын негизги бөлүгү 27-мартта өтөт.

«Эл аралык «Коопсуздук жана аймактык өз ара аракет тармагындагы тынчтык жараяны» конференциясы Ооганстандагы тынчтык жараянын бекемдөө боюнча дүйнө коомчулугунун, анын ичинде Өзбекстандын аракетинин логикалык уландысы болуп калат», – деп кошумчалады Кудратходжаев.

Ташкенттеги жолугушууга БУУнун Ооганстан боюнча тең төрагасы Тадамити Ямамото, Европа Биримдигинин тышкы саясат боюнча жогорку төрагасы Федерика Могерини, мындан тышкары Кытай, Орусия, АКШ, Улуу Британия, Германия, Италия, Франция, Түркия, Индия, Иран, Пакистан, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Сауд Арабия жана Бириккен Араб Эмиратынын ТИМ башчылары катышат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: