Menu

Алга Кылычов Мавлян Аскарбековдон сырткары экс-депутатты да сотко бергени белгилүү болду

Бөлүшүү:

Сөз эркиндигин коргоо комитети “Дан” мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Алга Кылычовдун оппозициячыл саясатчы жана журналист Бегалы Наргозуевге, ошондой эле активист Мавлян Аскарбековго карата 70 миллион сом доо коюшу боюнча президент Сооронбай Жээнбековго кайрылды.

“Дан” мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Апрель революциясынын баатыры, КСДПнын активдүү мүчөсү Алга Кылычов жарандык активист Мавлян Аскарбековду, журналист жана оппозициячыл саясатчы Бегалы Наргозуевди жана “Kyrgyztoday” сайтын сотко берди. Ал эки жыл мурун жарыяланган материал үчүн реккорддук 70 миллион сом доо коюп жатат.

“Кыргыз тилдүү “Kyrgyztoday” сайтынын негиздөөчүсү Бегалы Наргозуев – Сөз эркиндигин коргоо комитетинин мүчөсү. Биздин комитет кадыр-баркты коргоо мыйзамы аркылуу өзгөчө мамлекеттик кызматкерлер жана бийлик өкүлдөрү жеке байлык арттыруу максатын көздөп, эркин журналисттерди, жарандарды, интернет басылмаларды соттук куугунтукка албашы керектигин билдиребиз. Жогорудагы коюлуп жаткан доо ушул максат менен баратат. Биз Сөз эркиндигин коргоо комитети президент Сооронбай Жээнбековду жана эл аралык уюмдарды сөз эркиндигин чектөө жана журналисттер менен укук коргоочуларга карата уланып жаткан басым боюнча ачык билдирүү жасоого, жана бийлик өкүлдөрүн миллиондогон доолордон баш тартып, басым кылууну токтотууга чакырабыз”, – деп Сөз эркиндигин коргоо комитетинин кайрылуусунда айтылат.

Алга Кылычов сотко буга чейин бир нече жолу кайрылганын SUPER.KG порталына билдирди. “Мен ошол маалыматты чыгарган “Kyrgyztoday” сайтын, анын автору Бегалы Наргозуевди жана Мавлян Аскарбеков үчөөнү сотко берип, алардан 70 миллион сом өндүрүүнү талап кылып жатам. Мыйзамды сыйлаган адам катары ушундай кадамга бардым. Сотко 3-4 ай мурун эле кайрылгам. Бирок материалдарды толуктоо жана башка себептер менен сот арызымды үчүнчү жолу кайрылганымда кабыл алды. Ачык айтайын, мен соттон утамбы же утуламбы билбейм. Менде “мыйзамдуулукту талап кылган адам, өзү мындан сабак алып, кечирим сурап калат го” деген ой болуп жаткан. Бирок ал мени башка кадамдарга түртүп жатат”, – деди Кылычов.

Экс-депутат жана журналист Бегалы Наргозуев SUPER.KG’ге соттошууга чейин алып келген маалыматтын түпкү булагы болгон сайт буга чейин жабылып калганын айтты. “Башында эле үч тарапка карата доо берилген. “Наргозуев өзү жазып, чыгарган” деп арыз бериптир: бири жеке өзүмө, экинчиси “Kyrgyztoday” сайтына, үчүнчүсү Аскарбековго. 70 миллион сомду үчөөнөн өндүрүп бергиле деп доо койгон. Азыр жактоочу алып, сотко даярданып жатабыз. Ал материалды биз “гезит.орг” деген сайттан көчүрүп алып жазганбыз. Маалымат биздин сайтта турат, ал эми “гезит.орг” сайты мурун иштечү, азыр иштебей калыптыр. Менимче, сотко бергендер “Наргозуев маалыматты башка жактан алганын далилдей албайт” деп жатышат”, – деди Наргозуев.

Источник: Super.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 44 = 45

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: