Menu

АКШнын соода комиссиясы “Фейсбукка” байланыштуу иликтөө баштады

Бөлүшүү:

“Фейсбуктагы” колдонуучулардын жеке маалыматтарынын корголбогону тууралуу кабар чыгып кеткенден кийин АКШнын Федералдык соода палатасы иликтөөсүн баштаганы тууралуу маалымат мекеменин сайтына жарыяланды.

Комиссия соцтармактын жетекчилиги колдонуучулардын маалыматтарын кантип коргоп жатканын текшергени жатат. Буга чейин журналисттер британиялык “Cambridge Analytica” фирмасын Доналд Трамптын шайлоо өнөктүгү маалында “Фeйсбуктун” 50 миллиондой кардарынын маалыматтарын мыйзамсыз колдонгону үчүн айыпташкан.

“Channel 1” телеканалынын иликтөөсүнө караганда, саясий консалтинг кызматын көргөзгөн ал компания дүйнө жүзү боюнча 200дөн ашуун шайлоо алдындагы үгүт иштерине, анын ичинде Нигериядагы, Кениядагы, Чехиядагы жана башка жерлердеги өнөктүктөргө катышкан. Ал талапкерлер жөнүндө жалган маалымат, компромат таратуу үчүн пара алганы тууралуу маалымат тараган.

“Фейсбук” колдонуучуларынын жеке маалыматтарын кыянаттык менен пайдалануу жөнүндө кабар нааразылык жаратты. Айрымдар ал түгүл эки компанияны тең сотко берээрин билдиришти.

“Фейсбуктун” негиздөөчүсү Марк Цукерберг анын компаниясы колдонуучулардын маалыматтары үчүн жоопкерчиликти өзүнө алаарын, аларды коргош үчүн кошумча чаралар көрүлөрүн 22-мартта өзүнүн “Фейсбуктагы” баракчасында жазган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: