Menu

Видео – Кемероводо бийликтин отставкасын талап кылган митинг өтүүдө

Бөлүшүү:

«Зимняя вишня» соода борборундагы өрттөн 64 киши каза болгондон кийин Кемерово шаарында жүздөгөн тургун облустук акимчиликтин алдына митингге чыгышты.

Алар бийликтен өрт тууралуу чындыкты айтууну талап кылышууда. Көпчүлүгү расмий жарыяланган сандарга ишенишпей, каза болгондор жүздөн ашык болушу мүмкүндүгүн билдиришүүдө. Ошондой эле митинг катышуучулары куткаруучулардын ишине нааразылыктарын айтышып, кырсык боюнча ачык тергөө жүргүзүүнү талап кылышууда.

Чогулгандар «Чындыкты айткыла!», «Губернатор менен Путин отставкага кетсин!» деп кыйкырып жатышат. Кемерово облусунун губернатору Аман Түлеев акция катышуучулары менен жолуккан жок, элдин алдына анын орун басары Сергей Цивилев чыкты. Каза болгондордун толук тизмесин жарыялоону талап кылган шаардыктарга Цивилев алар өрттөн кийин дайыны билинбей жаткан туугандары, жакындары тууралуу полицияга кабарлашы керектигин айтты. Митинг катышуучулары менен жолуккан Кемеровонун мэри Илья Середюк бийликтин расмий маалыматына ишенбегендерди өлүккана менен өрттөнүп кеткен соода борборун карап чыгууга чакырды. МБХ-медиа басылмасы жергиликтүү тургундар Биринчи канал менен Ассошиэйтед пресстин журналисттери, мэр жана бир канча активисттен турган топ түзүшкөнүн кабарлоодо.

Шейшемби эртең менен Кемерового Орусиянын президенти Владимир Путин учуп барды. Ал өрттөнүп кеткен «Зимняя вишня» соода борборунун алдындагы жергиликтүү тургундар тарабынан тургузулган мемориалга гүл койду. Мамлекет башчы митингдин катышуучулары менен жолуккан жок.

Президент кырсыкка көңүл коштук менен шалаакылык себеп болгонун айтты. «Бул согуштук аракеттер жүрүп жаткан же күтүүсүздөн метан жайылган шахта эмес да. Адамдар ал жакка эс алганы барышкан. Биз эмнеге демография тууралуу айтып, ушунча сандагы адамдарды жоготуп жатабыз? Кылмыштуу көңүл коштуктун жана шалаакылыктын айынан», – деди Путин.

Кемерово облусунун борборундагы «Зимняя вишня» соода борборунда өрт 25-мартта күндүз тутанган. Өлкөнүн тергөө комитети менен Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин расмий маалыматы боюнча, анда 64 киши каза тапты. Бирок күбөлөр өлгөндөрдүн саны андан кыйла көп экенин айтып жатышат. Орусиянын саламаттык сактоо министри Вероника Скворцова каза болгон 64 кишинин 25инин сөөгү аныкталганын билдирди. Алардын 13ү 13 жашка чыга элек балдар болгон.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 23 − = 17

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: