Кечээ, 26-мартта Кыргыз мамлекеттик университетинин жатаканада жашаган мугалимдери университеттин алдына митингге чыгышкан. Көрсө мугалимдер жашаган бир бөлмөлүү жатаканаларды бошотуп, бир кызыкчылыкка пайдалануу үчүн ректораттан мугалимдерди жатаканадан чыгаруу аракети болуп жатыптыр. Ал максатта ректордун буйругу менен жатаканада свет өчүрүлүп, бир жумадан бери мугалимдер свети жок олтурушат экен. Буга нааразычылык көрсөтүп митингге чыккан мугалимдерди ректор коркутуп-үркүтүп, аны телефонго тартып алган мугалимдин телефонун алып коюу максатында жулкулдаша да кетти.
Мугалимдердин айлыктары аз, ректорат үй менен камсыз кылалбагандыктан берген жатаканаларынан да аларды эми көчөгө чыгарып салганы турат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ