Menu

Сооронбай Жээнбеков Абдил Сегизбаевге: Коррупциялык иштерди аныктоону ыкчамдатып, резонанс жараткан коррупциялык иштерди аягына чыгаруу керек

Бөлүшүү:

Бүгүн, 27-мартта, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Абдил Сегизбаевди кабыл алды.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Президентке Коопсуздук кеңешинин 2018-жылдын 8-февралындагы жыйынынын чечиминин алкагында милдеттерди ишке ашыруунун жүрүшү тууралуу маалымат берди.

Коррупция менен күрөш жана ага каршы аракеттенүү боюнча мындан аркы пландар талкууланды.

Мамлекет башчысы биринчи жыйынтыктар бар экенин, бирок коррупциялык иш-аракеттерди аныктоо боюнча жумуштарды ыкчамдатып, резонанс жараткан коррупциялык иштерди аягына чыгаруу керектигин белгиледи.

Президент жарандардын арыздары менен иштөөгө өзгөчө көңүл бурду.

«Жарандардан келип түшкөн бир да арыз же кайрылуу жоопсуз калбашы керек», – деп белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

УКМК төрагасы ошондой эле Президентке өлкөнүн жана анын жарандарынын коопсуздугун камсыздоо, анын ичинде террористтик жана экстремисттик уюмдардын ишмердигин аныктап, аларга жол бербөөгө байланыштуу иштер тууралуу маалымат берди.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 94 − = 87

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: