Menu

Армияда миллиондогон акчалардын уурдалганы ачыкка чыкты

Бөлүшүү:

Кыргызстандын аскердик прокуратурасы Коргонуу иштери боюнча мамлекеттик комитетте жана анын бөлүктөрүндө өзгөчө ири өлчөмдөгү казына каражаттары кымырылган фактылардын бетин ачты.

Аскер прокуратурасынын маалыматы боюнча, 2015-жылы бюджеттен ошол кездеги Коргоо министрлигинин эсебине аскер аэродромун ондоого 70 миллион сом которулган. Бирок министрликтин жана «Аскер Курулуш» мамлекеттик ишканасынын кызмат адамдары анын 37 миллион сомун башка курулуш объектилерине мыйзамсыз жумшаган.

Ошондой эле курулуш материалдарынын баасын ашыкча көргөзүү менен 9 миллион сом уурдалганы аныкталган. Аскер прокурору Нуркамал Набиев бул кылмыш ишинин жагдайына төмөндөгүчө токтолду:

– Бул иш мындан үч жыл мурда болгон экен. Анын жагдайлары эми ачылып жатат. Биздин прокурорлор изилдеп таап, азыр тергөө иштери башталды. Тергөөнүн жыйынтыгы чыкканда ким-дин күнөөсү болсо, ошол адамдар жоопко тартьшат. Бул жерде мыйзамсыз колдонулган 37 миллион сомдун ичиндеги 9 миллион сом акчаны алар жен эле «жеп» коюшкан. Ал эми акчанын калган бөлүгү бюджетте «бир багытка жумшалсын» деп бөлүнсө, аны башка жакка пайдаланышканы аныкталган. Мыйзам бөлүнгөн каражатты максаттуу пайдаланууну талап кылат эмеспи. Ошондуктан анда дагы одоно мыйзам бузуулар бар.

Аскер прокуратурасы Кылмыш-жаза кодексинин 304-308-беренелериндеги «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» жана «бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз колдонуу» кылмыш белгилери боюнча иш козгоду. Бирок аскер прокуратурасы бул кылмыш иши Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин кайсы кызмат адамдарына козголгонун ачык жарыялаган жок.

Буга чейинки коргоо министри Таалайбек Өмүралиев каражатты максатсыз пайдаланганы аныкталып, сот андан 5 миллион сом өндүргөн. Ошондой эле ал 2011-жылы ыйгарылган «генерал-майор» аскер чининен ажыратылган.

Булак: Экономика

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 12 − = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: