Menu

Өзбекстанда мугалимдин өлүмүн иликтеген журналист коркутууларга кабылууда

Бөлүшүү:

Өзбекстанда Xabar.uz сайтынын кабарчысы Каримберди Турамурод көчө тазалап жатканда унаа уруп кеткен самарканддык мугалим Диана Еникееванын өлүмү тууралуу иликтөөсүнөн кийин коркутуулар болуп жатканын билдирди.

14-мартта кесиптештери менен чогу президент Шавкат Мирзиёев өтө турган жолду тазалоого чыккан 23 жаштагы мугалим Диана Еникееваны жүк унаасы сүзүп кетип, ошол жерде каза болгон. Анда мугалимдер бул ишке жергиликтүү бийликтин буйругу менен чыкканы тууралуу маалыматтар айтылган.

Окуя болгон жерге барып, күбөлөр менен сүйлөшүп келген журналист бул боюнча иликтөөсү жарыялана электе эле коркутуулар башталганын билдирди. Анын айтымында, алгач белгисиз адамдар телефон чалып опузаласа, кийин облустук акимчиликтеги булактарынан жергиликтүү бийлик ага каршы чагым уюштуруп жатканын билген.

– Алгач мен бул коркутууларга олуттуу деле көңүл бурган эмесмин. Бирок өткөн жума күнү намазга баратканымда бир унаа катуу ылдамдыкта келип, мени сүзүп кете жаздады. Четке чыга калууга араң үлгүрдүм, – деди журналист.

Ал жергиликтүү бийлик менен Xabar.uz басылмасынын жетекчилиги тарабынан жасалган басымга карабастан, мугалимдин өлүмү тууралуу иликтөөсү акыры сайтка чыкканын кошумчалады.

Азырынча Диана Еникееванын өлүмүнүн негизги себептери айтыла элек. Бийлик окуяга күнөөлүүлөргө карата кандай чаралар көрүлгөндүгү тууралуу эч нерсе билдирген жок.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 80 = 86

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: