Menu

Кытайдын элчиси кыргыздарды төлөгүлө деп эскертти

Бөлүшүү:

Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Сяо Цинхуа биздин мамлекеттин Кытайга болгон карызын эскертип, ал маселе боюнча билдирүү кылды. Элчи: “Кытай жеңилдетилген насыяларды берген. Биз билебиз, ал насыядан Кыргызстан пайда көрдү. Алынган насыяны кечүү макулдашуу менен гана болушу мүмкүн. Бирок Кытай тарап бул маселени карабайт” – деп так кесе айтты. Албетте, карызга берген акчаларды ким эле кече койсун. Элчи айткандай Кытайдан алынган насыялардын пайдасы жалпы Кыргызстанга анчалык жарык чача албады.

Болгону атка минерлер жыргашты. Эске сала кетсек, Кыргызстандын Кытайдан карызы 1 млрд. 711 миллион долларды чапчыйт. Бул тышкы карыбыздын 41 пайызын түзөт. Маалымат катары айта кетсек, коңшу Тажикстан Кытайга карызын төлөй албай бир топ гектар жеринен айрылган эле. Андай тагдыр биздин башыбызга келбесин, ойлонгула, ойгонгула, урматтуу атка минерлер!

Булак: “Багыт

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 8 = 13

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: