Menu

Чу дайрасы казактарга Чүйдүн жүздөгөн гектар жерин кошуп берип жатат. Бороновго кулак кагыш…

Бөлүшүү:

Акыркы он-он беш жылдан бери Чүйдөгү Чу дайрасы Кыргызстан тараптагы жээкти жеп олтуруп, казактын чегин кыйла чоңойтуп жатыптыр. Ал эми казактар ал дайранын өздөрү тараптагы жээгин техника менен мыктылап тосуп алышкан. Биз тараптагы жээктерди болсо суунун агымы барган сайын жеп жатат. Бул тасманы журналист Аркадий Гладилов тартып, соц баракчасына жарыялаган. Буга биздин бийлик, бул маселени карай турган ӨКМ, Чек ара кызматы тиешелүү иштерди аткарбай келет. Жетиштүү акча бөлүп, жээкти жакшылап тосуп чыкпаса, Чүйдүн жери барган сайын кичирейе берери турган иш. Бул боюнча Жогорку Кеңештин депутаттары да көңүл бурушу зарыл.

Ал эми өкмөт ӨКМ аркылуу тиешелүү чараларды эртелеп көрүүгө милдетүү. Ансыз да 19-кылымда Кемин, Токмок тараптагы далай жерди Чүйдүн айтылуу манабы 40 байталга казактарга карматып коюшканы тууралуу кептер айтылып келет. Ал кыянатчылыктан кийин, бул кыянатчылыктын тизгинин тарталы, замандаштар! Эң ириде бул маселеге ӨКМ министри Кубатбек Боронов көңүл бурушу керек.

Булак: “Багыт

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 14 − 12 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: