Чокморовду жердеши катары даңазалап, анын атындагы фондду жетектеп келет. Көп жыл байлардан, элден миллиондогон каражат чогултуп, жакында ал акчага Алмаз Кожогулов деген скульпторго Чокморовдун эстелигин жасатып, аны шаар бийлиги Чүй-Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишине орнотууга уруксат берип, ачылышы салтанатуу түрдө болгон эле. Бирок эстеликтин кебетесин карасаңыз, Чокморовго эч бир жери окшошпой калган. Бир караган адамга залкар инсанды шылдыңдап, эптеп-септеп жасап койгондой сезилет.
Эми ошол эстелик кайра алынмай болуптур. Ал аз келгесип Абдырахманов менен скульптордун ортосунда акча чыры да бар экен. Эми Чокморовдун эстелигин бекер эле жасайбыз деген усталар да чыгыптыр. Эми эстеликти алуу жана ордуна башка эстелик коюу маселесин эми шаар бийлиги чечиши керек. Сагынбек мырза, колунан келбеген ишке асылбай, жөн жүрсө… Чокморов үчүн элден чогулган миллиондордун баары тең максаттуу сарпталып жатабы, ал дагы өзүнчө бир маселе…
Булак: “Багыт“
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ