Биринчи вице-премьер министр Аскарбек Шадиев парламенттин Эл аралык иштер, коргонуу жана коопсуздук комитетинин бөлүм башчысы Арсен Закировго карата козголгон кылмыш ишинин негизинде УКМКда сурак берди. Закиров жасалма документтерди колдонуу менен парламенттин бюджетинен 2 млн. сом каражатты өз кызыкчылыгына колдонгон деп айыпталган.
Бирок ошол жасалма документке кол койгон Шадиев бакыйган биринчи вице-премьер министр болуп, коррупционерлердин көзүн күйгүзүп отурат. Жеп-ичсең кызматтык даражаң чоңоёт дегендин үлгүсүндөй болуп. Президент коррупцияга каршы күрөштү дал ушул Аскар Шадиевден баштаса жарашат.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ