«Кыргызстан» фракциясынын депутаттары Казакстанда контрабанда, улуттар аралык кылмыштуу топ түзгөн деп кармалып, Алматыда камакта жаткан Жогорку Кеңештин депутаты Дамирбек Асылбек уулуна жолуга алышпай, күлгө чапкандай томсоруп кайтышыптыр. Казактын күч түзүмдөрү чүкөңөрдү алып ойногула деп коюшуптур. Анткени Дамирбек казак жараны болгондуктан, эч кимисине жолуктурганга макулдук беришпептир.
Бул жагдайды «Кыргызстан» фракциясынын лидери Алмазбек Баатырбеков да тастыктаганын маалымат булактары жар салды. Сыягы, «мүйүздүү болом деп кулагынан ажыраган» депутаттын абалы чатак окшойт. Эл өкүлдөрү бозала болуп жатканына караганда…
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ