Menu

Айбек мырза, саясат талдоочу: Бишкек ТЭЦи боюнча Кытай менен келишимге Жантөрө Сатыбалдиев жооп бериши керек

Бөлүшүү:

– Айбек мырза, азыркы президент Сооронбай Жээнбеков менен мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин ортосун “кара мышык” аралады деген айың кептер айтылууда, болушу мүмкүнбү?

– Экс-президент Алмазбек Атамбаев менен аракеттеги президент Сооронбай Жээнбековдун ортосундагы мамиле бузулду деген малыматтар тарап жатат. Буга ишенүү кыйын. Анткени азыркы жана мурдагы мамлекет жетек-илеринин жылуу мамилелерине жик салгысы келген саясий күчтөр жетишээрлик. Табигый жол менен караганда да, өлкөдөгү эки чоң саясий фигуранын мамилесин бузуп, жалгыздатып аларды алсыратуу саясаты жүрүп жаткандай. Биринчи буга оппозиция кызыкдар жана таасир талашкан топтордун кызыкчылыгы мындай маалыматтарды байма-бай чыгарып жатат. Менин оюмча, эки чоң саясий фигура жеке адамдык фактордон алып караганда анчалык араздашканга жетпейт. Албетте, айрым маселелер боюнча эки ача ой болушу мүмкүн…

– Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев саясаттан кетпей турганын, келээрки парламенттик шайлоодо КСДПнын башында туруп иш алып бараарын айткан эле. Экс-президент өлкөдө өзүнүн таасирин сактап кала алабы?

– Алмазбек Атамбаев азыр саясатта эле болот. Жаш жагынан алып караганда деле алтымыштан эми ашты. Экс-президент Атамбаевди саясатта кармап туруучу негизги көзүр бул баштаган иштеринин аягына чыгуу. Ошондуктан Сооронбай Шариповичтин “Кыргыз көчү жолун улайт” деген ураан менен чыгышы төгүн жерден эмес. Бийликте КСДП партиясынын таасири жогору. Мына ушул жагдайдан алып караганда, Атамбаевдин саясаттагы жашоосу узак эле болот. Демек таасирин жоготот, Атамбаев менен Жээнбековдун мамилеси солгундайт дегендин өзү азырынча туура эмес. Себеби саясий кырдаал эки фигуранын мамилесин бекемдеп турат.

– Депутат Рыскелди Момбеков КСДП партиясы тазаланууга муктаж экенин айтты, партия тазаланышы керекпи?

КСДП эле эмес, бардык партия тазаланууга милдеттүү. Бул мыйзам ченемдүү көрүнүш. Бул көйгөй бир эле КСДПда эмес, бардык партияда бар. Ошол эле “Ата Мекен” партиясы өз фракциясындагы 2-3 депутаттан кутула албай жатат. Келечегин карай турган болсок, 2020-жылы боло турчу парламенттик шайлоого Алмазбек Атамбаев жаңы партиялаштары менен барат. Бул биринчиден саясий жүрүш, экинчиси тазалануу болуп калат.

– “Айкөл Ала-Too” кыймылынын төрагасы Мээрбек Мискенбаев президенттин иниси, парламент депутаты Асылбек Жээнбеков мандатын тапшырышы керектигин билдирбедиби. Бул боюнча пикириңизди уксак…

– Мээрбек Мискенбаев боюнча айта турган болсок, анын билдирүүсүн биз былтыркы президенттик шайлоо алдында, тараптар келишип жатканда дал ушул маселе каралбай калганын билсек болот.

– Президент Сооронбай Жээнбеков менен премьер-министр Сапар Исаков да келише албай, тирешип жатат дешет. Буга жообунуз кандай?

– Жаңы баш мыйзам боюнча аткаруу бийлигинин башчысы менен президенттин укуктары так көргөзүлгөн. Туура, Сапар Исаков жаштыкка алдырып койгон фактылар бар. Шашылыш билдирүүлөрдү жасап койду. Бирок бүгүнкү күнү президент менен өкмөт башчыны жарга такагыдай кырдаал түзүлө элек. Ал эми ТЭЦ боюнча айта турган болсок, кайсы премьер-министрдин учурунда Кытай тарап менен келишим түзүлүп, бир кычкач 600 долларга чыгып кеткенин текшеришибиз керек. Менимче бул келишимдерге тикелей Жантөрө Сатыбалдиевдин ал кездеги өкмөтү жооптуу болгон. Биз билгенден ММКда, саясий чөйрөдө атайын эле Сапар Исаков иштей албай жатат, президент нааразы дешип, Атамбаев менен Жээнбековдун мамилесине көлөкө түшүргүсү келген күчтөрдүн кезектеги жоромолдору. Өкмөттүн аракетин эң жакшы дебесек да, канаатандыраарлык дешибиз керек.

Булак: “Фабула”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 14 − = 12

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: