Menu

ЕККУ Душанбени терроризмге тиешеси бар адамдардын тизмесинен журналисттерди чыгарууга үндөдү

Бөлүшүү:

ЕККУнун басылмалардын эркиндиги боюнча өкүлү Харлем Дезир Тажикстандын тышкы иштер министри Сироджиддин Асловго кат жолдоп, анда Душанбени терроризмге тиешеси бар адамдардын тизмесинен журналисттерди чыгарууга үндөдү. ЕККУнун Венадагы кеңсесинен кат 28-мартта жөнөтүлгөнүн билдиришти.

Эки апта мурда Тажикстандын Улуттук банкы терроризмге тиешеси бар адамдардын тизмесин жарыялаган. Мекеменин Каржы мониторинг департаменти тарабынан түзүлгөн тизмеге өлкөнүн 1 миң 372 жараны киргизилген.

ЕККУ тизмеге 14 ММК кызматкеринин аты-жөнү «татыксыз» киргизилген деп эсептөөдө. Харлем Дезир Тажикстандын бийлиги ал журналисттердин кандайдыр бир мыйзамга каршы келген аракеттерин далилдебегенин белдирип, алардын терроризмге айыпталгандардын тизмесинде турушу, өмүрлөрү менен коопсуздугуна коркунуч жаратарын белгиледи.

Азырынча Тажикстандын бийлиги ЕККУ өкүлүнүн бул катына эч кандай реакция жасай элек.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: