Menu

Атамбаев неге үн катпайт?

Бөлүшүү:

Ушул суроо айрыкча ага өтө “берилүү” менен  мамиле кылгандарды катуу түйшөлтүп жатат. Жок дегенде бир жолу “балп” эттирип койсо жакшы болмок дегендер демин ичине катып, экс-ажону тааныбай турушкан убагы. Андай  шылк этмелерди президент кезинде берип койбосо ага таш ыргыткандар аны коркутуп койдук деп ааламга жар салышмак. Ошондуктан темирди кызуусунда балка менен чаап улам кызара калганда  суутуп турганын билебиз. А бирок, азыркы абал такыр башка түстө. Досу Сооронбай Жээнбеков мамлекетти туура башкарып жатканы ырас. Демек, мишайт этүүнүн зарылчылыгы көрүнбөйт.  Ит үрө берет,кербен жүрө берет.

Партиянын сьезди өтөрдүн алдында бир мокотуп коелу деген “кыраандар”ажого кайрылып, Атамбаевди камаш керек деген добулбасын каңгыратты. Мындай окуя түшкө да кирбесин билишсе деле ормон опуза кылып коюга неге кызыктар болуп жатышканы аң-сезими жайындагы адамга маалым. Негизи азыр көп партиялардын мүйүзү сынды, дымагы ылдыйлады. Бир жагынан КСДП нын зоболосу көктү карай зымырап кетсе биздин тагдырыбыз кандай болот деп санаага баткан сары тиштүү “мыктылар” акыркы дүрмөтүн сактоого жанталбас кылган кези. Эмнеси болсо да саясаттын аки-чүкүсүн ийине жеткире түшүнүп калган Алмазбек Атамбаевдин келечектеги жүрүшү эч кимге азырынча белгисиз. Шахматтык сөз менен айтканда ат менен вилка коюп саларына деле күмөнүбүз жок. Чыдай тургула,көп кыжаалат болбой, болгону жетимиш эки саат калды. Анан жок дегенде сапта кимдер калганын, кайсылар кеткенин билесиңер.

Булак: Ачык сөз

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 91 − 85 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: