Menu

Кээде ишенип да кетет экенсиң…

Бөлүшүү:

Азыр көзү ачыктар, теспе тарткандар, камчы менен шайтанды кубалагандар, теңирчилер, аянчылар ар жерден булт деп чыга калат. Эгерде ошолорго шордуулар арыз-арманын, тагдырын айтып, ыйлаактап барбаса мындай көрүнүштөн алыс болмокпуз. Ал тургай экстрасенстердин “мелдешин” уюштура койгон “кара жашиктин” эмне үчүн эшиги жабылып калды? Анткени алдын-ала тигилер менен макулдашып алып, сценарийди чойгулаган кыйындардын жүзү “анардай” болуп акыры ачылып кетпедиби? Болбосо дагы далай укмуш төлгө салчулар аныкталып, элдин акчасын сүлүктөй сормок. Аселкан, Индиракан, Фатмакандардын эле турмушунун “хит” болушуна ошол “жарыш” шарт түзүп берди. Алардын эшигин аттап эле киргениңде миң сомду сугунуп жиберерин баргандар таң калып айтып жүрүшөт. Эринин бираз кыймылдатып, көзүнө көрүнгөндү эле айта салып акча табуунун амалы көптөргө күмөн жаратты да? Мына буйруса айтканы келет деп ай караган текедей болгондор жүздөп саналат. Аттиң, бирок баягыл эле кыйналыш жашоо уланып, өзгөрүү жок.

Былтыр дагы бирөө чыкты алдыңкы көзү ачыкмын деп. Убагында Курманбек Бакиевдин кишилери келгенде айткам, падышанын качып кетерин. Тилекке каршы жандоочтору аны коркуп айтпай ит кылышты. Ошондо менин саламымды чоочубай жеткиришсе, алдын-ала чара колдонуп аман калмак да,  ойноп,күлүп жүрө бермек,-деп көзүн кыбыңдатат. Кезинде мындай ачык кебин дагы бир теңирчи Аскар Акаевдин ишенимдүү жөөкөрлөрүнө айтканы боюнча да узун сабак сөз болгонун эшиткенбиз. Жакындан бери Алмазбек Атамбаевди кайра саясатка келбес кылууга топтошкон “эрлер” чогулушканын айрым кулагы “кыска” шерлер жамыратып токуй башташты. Көрсө алар кара башыл мал сойбосо дубалары талаага кетерин кокуйлап жатышыптыр. Мындайга ынтаасын койбогондор лапшаңарды илбегилечи деген бойдон артына кетишиптир. Чамасы үзүмчүлүк маалда жаңы шорпо, чүйгүн эт жегиси келишсе керек деп жыйынтык чыгаргандар да болду. Балким жагалданып, кошоматка тай сойгондор тигилердин жетегине баш ийип, үлкөн башчыга жагыш үчүн айткан  жосундарын жасоого бет алаттыр? Анткени ар кандай көз караштагы адамдар жашайт эмеспи арабызда. Айтор, жаздын деми менен баары кыймылга келди. Айрыкча “сүф” деп туруп бергениңди мойсогондор сапка тизилип турнабайына көзүн тостойткон кези. Эчки жаралганда бир түп шыбак кошо чыгыптыр дегендей, тигилер деле насип кылганын бурдайт да?Угуп отуруп, кээде өзүң дагы сыйкырчылардын кебине муйуп кетесиң…

Булак: Ачык сөз

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 22 − = 12

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: