Menu

Өзбекстанда жарык көргөн Куран китебин сатып алуу үчүн узун кезек жаралды

Бөлүшүү:

Ташкентте биринчи жолу Өзбекстанда чыккан Ыйык Куран китебин сатып алуу үчүн узун кезек жаралды. “Азаттыктын” мобилдүү кабарчысы билдиргендей, өлкөнүн эгемендик тарыхында китеп үчүн мындай кезек болгон эмес.

Ыйык Куран шейх Мухаммед Садык Мухаммад Юсуф тарабынан негизделген “Хилол” басмаканасынан басылып чыкты.

Китеп кызык кулактардын колуна тийбеши үчүн басмакана жетекчилиги бир киши бир гана Куран сатып алууга укуктуу экенин жарыялады. Китептин баасы 31 миң сум (3,75 АКШ доллары).

Маалыматтарга караганда, Ташкенттин Эски шаарындагы дүкөнүндө жарым саатта 250 китеп сатылды. Өзбекстанда буга чейин Перс булуңундагы өлкөлөрдө чыккан Куран кеңири тараган.

“Хилол” басмаканасынын билдиришинче, Өзбекстан Дин башкармалыгы Куранды 50 миң нускада басып чыгарууга уруксат берди. Учурда 10 миң нуска китеп жарык көрдү.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 19 − = 18

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: