Menu

Айбек Бусурманкулов: “Атамбаев менен Жээнбековдун кимиси курултайга таянса – салмак ошол жакка оойт”

Бөлүшүү:

-Айбек мырза, 24-марттагы жыйын боюнча Жалал-Абаддын мэринин койгон дооматтарына ынансак болобу?

– Дооматтары ынанымдуу эмес. Жалал-Абадда да кош бийлик өкүм сүрүп жатат. Мэр элди бөлүп жарды. Бир бөлүгүнө чай берип, бир бөлүгүнө берген жок. Кыскасы, элди “силер” анан “биз” деп бөлүп жатты. Башында ал жыйынды жергиликтүү бийлик менен чогуу өткөрмөкпүз. 10 мүнөт калганда мэр белгисиз себептерден оюн өзгөртүп элди бөлүп кирди.

– Бийлик чоочулап жаткан курултайда кандай маселе козголот? Ал ким үчүн пайда ким үчүн утулуш болот?

– Апрель айына болжонуп жаткан Курултай баардык саясий күчтөрдү бириктирген чоң саясий окуя болот. Бийлик мына ошол нерседен коркуп, ушундай акыбалды жаратып, “бизден эл жүзүн буруп кетти” дегендей сүртүм калтырууга аракет кылды. Бирок, бийликтин кезектеги шоусунан коркпойбуз. Биз алардын алсыздыгы деп билебиз. Себеби, курултайда бириккен саясий күчтөр Кыргызстандын саясий кризистен чыгуунун жана өнүгүүнүн жолун сунуштайбыз. Атамбаев да, Жээнбеков да муну түшүнүп жатышат. Эң негизгиси кимиси Курултайга таянса салмак ошол жакка оойт. Курултайда Атамбаевге да, Жээнбековго да айтылчу сөздөр, талаптар бар. Буюрса, болжонгон күнү курултай болот. Ал боюнча көпчүлүк саясий күчтөр менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Ага чейин баардык облустарда жыйындар өтөт. 6 -апрелде Таласта чоң деңгээлде жыйын өткөргөнгө аракет кылып жатабыз.

Булак: “Майдан

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 89 − 88 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: