Menu

Өмүрбек Бабановго каршы дагы бир кылмыш иши козголду

Бөлүшүү:

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз катчысы Рахат Сулаймановдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча, “Республика – Ата-Журт” партиясынын лидери “мамлекеттик бийликти басып алууну көздөгөн” деп шектелүүдө:

– Канатбек Исаев менен кошо кармалган үч адам президенттикке талапкерлигин койгон Бабановдун тарапкерлери менен бирге бийликти күч менен басып алууга даярданышкан. Учурда Өмүрбек Бабановго карата “бийликти басып алууга даярдык көрүү” жана “массалык башаламандыкты уюштуруу” фактысы боюнча кылмыш иши өзүнчө өндүрүшкө бөлүнүп, козголду.

Рахат Сулаймановдун сөзүнө караганда, азыр бул иш боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.

“Республика – Ата-Журт” фракциясынын мүчөсү Алтынай Өмүрбекова “Азаттыкка” бул маалыматтан кабарсыз экендигин, партия лидери менен байланыш боло электигин маалымдады.

Бул “Республика – Ата-Журт” партиясынын лидери Өмүрбек Бабановго карата козголгон экинчи кылмыш иши. Башкы прокуратура 4-ноябрда “Республика – Ата-Журт” фракциясынын лидери, депутат Өмүрбек Бабановго карата Кылмыш-жаза кодексинин 297-беренесинин биринчи бөлүгү (“Конституциялык түзүлүштү күч менен алмаштырууга ачык чакыруу”), 299-беренесинин биринчи бөлүгү (“Улут аралык, расалык жана диний кастыкты козутуу”) боюнча иш козгоп, матералдарды УКМКга өткөрүп берген. Бабанов өзү Он-Адырдагы сөзү тууралуу тасманы “монтаждалган жалган жалаа” деп билдирген.

Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бабановдун чет өлкөгө дарыланганы чыгып кеткени президенттик шайлоонун жыйынтыгы расмий чыгарылгандан кийин кабарланган. Жаңы жыл алдында Бабанов саясаттан кеткенин жарыялаган. 19-январда БШК “Республика” партиясынын лидерин өз арызынын негизинде Жогорку Кеңештин депутаттык мандатынан ажыраткан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 26 − 21 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: