Menu

Алматыда Көз карандысыз ишкерлер ассоциациясынын башчысы кармалды

Бөлүшүү:

Алматы полициясы Көз карандысыз ишкерлер ассоциациясынын башчысын кармалганын кабарлады. Алматы шаардык ички иштер департаментинин маалымдашынча, Талгат Акунов буга чейин жарандардын арызы боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде издөөгө алынган.

Маалыматтарга караганда, Акунов Караганда шаарында кармалган жана тергөө үчүн Алматыга жөнөтүлгөн. Полиция сот аны камакка алуу боюнча санкция бергенин гана айтып, иштин чоо-жайын түшүндүргөн жок.

Көз карандысыз ишкерлер ассоциациясы 2000-жылдардын башында түзүлгөн, Казакстандын бир нече аймагында филиалы бар.

2014-жылы ММКлар ассоциация президенти ишкерге ири суммада акча карыз болуп калгандан кийин издөөгө алынганын кабарлаган. Анда ассоциация Акунов жашырынбаганын жана дарыланып жүргөнүн билдирген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 83 − 74 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: