Menu

Рыскелди Момбеков, КСДП депутаты: Кытайдан келген 1 млн сом боюнча КСДПнын жетекчиси жооп берсин

Бөлүшүү:

Рыскелди мырза, КСДПга Кытай тараптан берилген 1 млн. сом тууралуу эмне айта аласыз?

– «Азаттыктын» журналисти мага «Кытайдан 1 млн. сомдук жардам алган турбайсынарбы?» деп суроо берди. Мен «фракциядан уктум, 1 млн. сомдук жардам келген экен, КСДПнын кеңсеси болгон конференц-залынын ремонтуна жумшаларын айтышты» дедам. Ага чейин саясый кеңештин жыйынында отчет берилген экен, бирок, мен саясый кеңештин мүчөсү болбогондон кийин, ал жыйынга катышкан эмесмин. Андыктан, кимдер, кандай жагдайда алганы, кандай пайдаланылып жатканы тууралуу менде толук маалымат жок. Так маалыматты саясый кеңештин мүчөлөрүнөн сурап, билсеңер болот.

– Ал акча боюнча эки түрдүү маалымат айтылып жатат. Биринде, «Жогорку Кеңешке келген» дешсе, экинчиси боюнча «КСДПнын өзүнө келген» дешет. Мунун кайсынысы чындык?

– Мен «КСДПга келди» дегендей маалыматты уккам. Андан кийин фракцияга келгени тууралуу сөз тарады. Бирок, фракциянын төрага орун басары Төрөбай Зулпукаров «жок, фракцияга келген эмес» деп айтпадыбы. Демек, партияга келген болсо, кандай максатта берилгени, өз ара келишимдер барбы, жок болсо, курултайдын уюштуруу иштерине жардам иретинде келдиби – бул боюнча компетентгүү адамдар: партиянын жетекчилеринен, анан саясый кеңештин мүчөлөрүнөн маалымат алсаңар болот.

– Юристтер «партияга чет өлкөдөн каражат келгени туура эмес, бул ички иштерге кийлигишүү болуп калат» деген пикирди айтышууда…

– 2010-жылдары «Ата Мекен» партиясы чет өлкөдөн канча миллион долларлык жардам алганы жөнүндө маалыматтар чыккан болчу. Алардын артынан эмне үчүн эч ким андып, сая түшкөн жок? «Ар-намыс» партиясынын лидери деле шайлоого чыкканда башка мамлекеттерден чоң суммада жардам алганы айтылган. Аны эмнеге айтышпайт? Саясый партиялардын баары эле чет элдик өнөктөштөрүнөн жардам алып эле келатышпайбы. Учурунда Өмүрбек Чиркешович «Батыштагы социалист өнөктөштөрдөн жардам алдык» деп актанып чыкпады беле? Ага эч ким маани берген эмес. Анан КСДПга келген 1 млн. сомдун тегерегинде мындай ызычуу көтөргөндүн өзү аша чапкандык.

Булак: Азия Ньюс

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 72 − = 64

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: