Menu

Алга Кылычовдун рекорддук сумманы талап кылган бузуку практикасын токтотууга чакырабыз!

Бөлүшүү:

КР Президенти Сооронбай Жээнбековго

Эл аралык уюмдарга

Оппозициялык саясатчы жана журналист Бегалы Наргозуевди, кыргыз тилдүү «Kyrgyztoday» басылмасын жана жарандык активист Мавлян Аскарбековду мамлекеттик «Дан» ишканасынын жетекчиси, Апрель революциясынын «баатыры» жана КСДПнын активдүү мүчөсү Алга Кылычов сотко берип, эки жыл мурда жарыяланган материал үчүн алардан мурда болуп көрбөгөндөй өлчөмдөгү доо акчаны – 70 млн сом өндүрүп берүүнү талап кылууда.

«Kyrgyztoday» басылмасынын негиздөөчүсү Бегалы Наргозуев – Сөз эркиндигин коргоо комитетинин да уюштуруучуларынын бири.

Биз, Сөз эркиндигин коргоо комитети, инсандын ар намысын коргоо, айрыкча мамлекеттик кызматкерлердин жана бийлик өкүлдөрүнүн аброюн сот аркылуу коруу жекече баюу максатын көздөбөш керек жана эркин журналисттерди, жарандарды, медиа-уюмдары менен басылмаларды куугунтуктоого айланбашы зарыл деп көп жолу айтып келебиз. Алга Кылычовдун мындай рекорддук сумманы талап кылышы мына ушундай көрүнүштүн бирден-бир мисалы.

Президент Сооронбай Жээнбеков менен эл аралык уюмдарга кайрылып, биз – өлкөдөгү сөз эркиндигин чектөө жана укук коргоочулар менен журналисттерди миллиондогон доо арыздар менен басмырлоо абалы боюнча ачык билдирүү жасоого жана өлкөнүн бийлик органдарынан мындай кысмакка алуу менен бузуку практиканы токтотууга чакырууну суранабыз.

Кыргызстандагы Сөз эркиндигин коргоо комитети

Булак: “Азия ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 8

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: