Menu

Өзбекстанда окуучулар ата-энелеринин коммуналдык карыздарын аныктоого милдеттендирилди

Бөлүшүү:

Өзбекстанда окуучулар ата-энелеринин коммуналдык кызматтар үчүн карыздары тууралуу маалыматтарды чогултууга милдеттендирилди.

26-мартта Ташкент облусунун Янгийул районунда 6-9-класстын окуучуларына үйлөрүндө суу, газ жана электр энергия үчүн эсептегичтеги көрсөтмөлөрдү толтуруу боюнча анкета таратылган. Үч күн ичинде анкетаны толтурбагандарга начар баа коюлары эскертилген.

Янгийул районунунун жашоочусу Наталья Верченко мектеп эмне себептен ата-энелердин коммуналдык кызмат үчүн карыздарына кызыгып жатканына түшүнбөй жатканын билдирди. “Мектептин буга кандай тиешеси бар. Мажбурлап аткартуу бюросу жасай турган иштерди эмне үчүн балдар жасашы керек? Анын үстүнө мугалимдер анкета толтурулбаса, начар баа коебуз деп окуучуларды коркутушуптур””, – деди ал.

Янгийул районундагы мектеп директорлорунун бири бул боюнча жергиликтүү бийликтен көрсөтмө келгенин айтты.

– Окуучуларга 29-мартка чейин мөөнөт берилген. Алар мектепке коммуналдык китепченин номурун, андан тышкары газ, суу жана электр кубаты үчүн эсеп көрсөтмөлөрүн алып келиши керек. Бул үй тапшырма эмес – буйрук. Мунун баары Мажбурлап аткартуу бюросунун кызматкерлери жергиликтүү тургундардын тынчтыгын бузуп, үйлөрдү кыдырбашы үчүн жасалууда. Окуучулар алып келген маалыматтар компьютерге киргизилет. Эгер ата-энелердин коммуналдык кызматтар үчүн бересеси болсо, аларга почта аркылуу кат жөнөтүлүп, карыз төлөтүлөт, – деди ал.

Өзбекстан Башкы прокуратурасынын алдындагы Мажбурлап аткартуу бюросу мектеп окуучулары коммуналдык кызматтар жөнүндө маалыматтарды чогултуп жатканын четке какты.​

Булак: Борбор Азия жанылыктар кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 79 + = 86

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: