Menu

Бозгундагы оппозиционер камактагы өзбек журналистинин иши боюнча көрсөтмө берүүгө даяр

Бөлүшүү:

“Өзбекстан элдик кыймылынын” лидери, бозгунда жүргөн Мухаммед Салих бийликти тартып алуу аракетине айыпталган журналист Бобомурод Абдуллаевдин иши боюнча көрсөтмө берүүгө даяр. Бул тууралуу журналисттин адвокаты Сергей Майоров билдирди.

Тергөө Абдуллаев өзүнө тагылган кылмыштарды Мухаммед Салихтин көрсөтмөсү менен жасаган деп эсептейт.

«Сот жараяны интернетте кеңири талкууланып жаткандыктан, Мухаммед Салих мага кайрылып, Абдуллаев күнөөлүү эмес экенин айтты», – деди Майоров.

Майоров Мухаммед Салих менен бир нече жолу сүйлөшкөн. Ал Каримов тууралуу “Өзбекстан элдик кыймылынын” сайтында жарыяланган макалалар Бобомурод Абдуллаевдин калемине таандык эместигин билдирген.

Мухаммед Салих интерактивдүү режимде Telegram, Viber, Imo, Skype сыяктуу программалар аркылуу көрсөтмө берүүгө даяр.

Сергей Майоров Салихтин сунушун кылмыш ишиндеги материалдарга тиркөөнү жана аны Өзбекстандын Түркиядагы консулдугунун катышуусунда күбө катары суракка алууну өтүндү. Бирок сот анын суранычын канааттандырган жок.

Тергөөнүн алгачкы тыянагына караганда, 44 жаштагы журналист “Усман Хакназаров” деген ысым менен Интернетке макалаларды жарыялап, шайланган жетекчилерден бийликти тартып алууну пландаштырган.

Абдуллаевге коюлган айып далилденсе, Өзбекстандын мыйзамына ылайык, 10 жылдан 20 жылга чейин эркинен ажыратылышы ыктымал.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 68 − = 67

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: