Menu

Түркмөнстан 29 миң Visa картасына чектөө киргизди

Бөлүшүү:

Түркмөнстан Жогорку экономикалык банкы февралдын ортосунда 30 миңдей Visa картанын 29 миңин чектегени белгилүү болду.

“Түркмөнстандын альтернативдүү жаңылыктары” кабарлагандай, карталарга бөгөт коюлгандыктан, чет өлкөдө жүргөн түркмөнстандыктар акчаларын ала албай калышкан.

Басылма өз булактарына таянып билдиргендей, Visa карталарын президент Гурбангулы Бердымухамедовдун үй-бүлөсүнө жакын кишилер жана тандалма бизнесмендер гана колдоно алышат.

“Азаттыктын” түркмөн кызматы Түркмөнстандын Мамлекеттик банкынан комментарий ала алган жок.

“Түркмөнстандын альтернативдүү жаңылыктары” Visa карта боюнча түшүндүрмө талап кылган жүздөгөн киши Мамлекеттик банктын имаратында сааттап кезеке туруп жатканын билдирүүдө. Бул кырдаалды айрым кишилер өз кызыкчылыгына пайдаланууда. Vestniktm.com сайтынын жарыялар бөлүмүндө банкка кезекке туруп берүү наркы 40 манатка (11 доллардын тегереги) бааланууда.

Түркмөнстанда VISA карталарына чектөөлөр мурун эле киргизилсе да жыл сайын бул катаалдашууда.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 5 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: