Menu

Бийлик менен уюшкан кылмыштуу топтордун биригип кеткени сыр деле болбой калды

Бөлүшүү:

Соңку убакта уюшкан кылмыштуу топтордун (УKT) жанданышы байкалып, алардын «көзүрлөру» материалдык жактан байыганы байма-бай сөз болуп жатканы кандай? Башкасын айтпаганда да соңку 3-4 жыл мурун кримтөбөлдөрдүн алды кынга киргизиле баштады эле, алардын чети бүгүн кайрадан эркиндикке жаза мөөнөтүн бүтпөй чыгып жатышы эмнени билдирет? Буга чейин Ысык-Көлдөгү «Осьминог» кафесинин дал ушул УКТ мүчөлөрү тарабынан өрттөлгөнү боюнча маалыматтарды кайда катабыз? Деги бүгүн күндө кандай деңгээлде күрөш жүргүзүлүүдө? Же булар бийлик менен «көз ымдашып» алышып, өздөрүнүн иштерин ээн-эркин жүргүзүп жатышабы? Талуу соболдорго адистер менен бирге чогуу жооп издеп көрөлү.

Советбек АРБАЕВ, МЖАК мурдагы төрагасы, полковник:

– Жакында эле Россиянын ички иштер министри өзү эле чечип, биздин кримтөбөлдү «Россияга экинчи келбегин» деп чыгарып койду. Андан мурда айтылуу АКШ дагы ошондой чечим кабыл алган. Бизде андай чечкиндүү кадамдар болбой жатат. Жогорку Кеңештин депутаты Казакстанда аткезчилик менен кармалып, бизди абдан эле уят кылды. Айта берсе андай мисалдар акыркы учурда көбөйүп баратат. «Президентибиз Сооронбай Жээнбеков өткөргөн коопсуздук кеңешинин чечимдери кандай аткарылат болду экен?» деп көпчүлүгүбүздүн үмүтүбүз чоң. Ал эми жаза аткаруу кызматы кримтөбөлдөрдү изоляциялоо жана алардын башкаларга таасирин азайтуу боюнча баардык күч аракеттерин жасап келишет. Бирок, Кыргызстандын абактары андай шарттарды камсыздандыра албайт. Чет мамлекеттердин абактары менен таанышып чыгып, бизге Анкарадагы кампустун шарттары ылайыктуу болуп чыккан. Андай кампусту Кыргызстанга куруу боюнча 2015-жылы ошол убактагы менин орун басарым Нурлан Орозалиевдин жетекчилиги менен макет жасалып, негиздемеси менен өкмөттүн жыйынында презентацияланган. Тиешелүү тараптар менен жактырылган. Токмок тараптан жер бөлүп берүү маселеси да каралган. Сарпталуучу каражатгын суммасы 270 млн. сомду түзгөн. Калган каражат Бишкек шаарындагы бошогон абактардын аймагын сатыкка коюу жолу менен толукталмак. Азыркыга чейин бүтүп да калмак. Мен жумуштан кеткенден кийин ал долбоор кандай абалда экенинен кабарым жок.

Абдрахман МАМАТАЛИЕВ, экс-вице-премьер-министр:

– Тилекке каршы, акыркы жылдары бизде бир өнөкөт оору пайда болду: саясатчы же жогорку деңгээлдеги мамлекеттик кызматты башкаргандардын сөзсүз өзүнүн спортсмендерден же «каралардан» турган колдоочу тобу болуш керек. Шайлоо болобу же бийлик талашуунун башка формасы болобу, негизинен ошолордун «маселе чечүүсү» көнүмүш адатка айланды. Кала берсе кээ бир укук коргоо органдарынын жетекчилери жөнүндө да «анын спорт клубу, жүздөгөн спортсмен жигиттери бар, шаарды же кандайдыр бир аймакты ошолордун күчү менен көзөмөлдөп турат, алар ар кандай мыйзамсыз иштерди жасап, зордук-зомбулук көргөзүүдө» деп ачык айтышып да, жазышып да келе жатат. Ал эми ишкердик менен алек болгон бай адамдарыбыздын көпчүлүгү өздөрүнүн андай топтору бар экенин ачык эле сыймыктануу менен айтып жүрүшпөйбү? Албетте, ушундай шартта УКТ мүчөлөрү баардык сфераларда өздөрүн жакшы сезишүүдө. «Бүгүн алардын өкүлдөрү баардык тармактарда, кала берсе эң
жогорку деңгээлдеги бийлик органдарында да бар» деп мурдагы ИИМ башчысы Суранчиев мырзанын айтканы эсиңерде болсо керек. Мен ойлойм, азыркы президенттин коррупцияга каршы жүргүзүп жаткан аракеттери ишке ашса, укук коргоо жана бийлик органдары тазаланса, коом тазаланса, мамлекеттик, саясый кызматтарды таза, кесипкөй, мекенчил адамдар жетектей баштаса, УКТга каршы чаралар жыйынтыктуу боло баштайт.

Кубатбек КОЖОНАЛИЕВ, генерал-майор:

– Уюшкан кылмыштуу топтордун бийлик менен кошулуп кеткени эч кимге сыр деле болбой калбадыбы. Ага коопсуздук кеңешинде президент Сооронбай Жээнбековдун айтылган сын-пикири негиз болгонун баарыбыз күбө болдук: «Силер кара иштерге аралашып кеттиңер» деди. Ким кандай кара иштер менен алек? Аны коомчулук жакшы билет. Кеп азыр тазалануу, коррупция менен күрөшүүнү коңшу мамлекеттерде болуп жаткан деңгээлде алып баруу жөнүндө болуп жатат. Ага өзүнүн сөзү далил: «Мен качып кеткен мурдагы президенттердей болгум келбейт!» дебедиби. Башка жол жок: же мурдагылардын жолун жолдоп элдин каргышына калуу, же чындап элдин кызыкчылыгын коргоп, коррупция менен күрөшүү…

Булак: Азия Ньюс

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 82 − 72 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: