Menu

Балыкчы шаарынын мэри: Балыкчы шаарына инвестиция тартуу, жаңы жумуш орундарын түзүү демилгесин колго алдык

Бөлүшүү:

– Алмаз мырза, Балыкчы калаасы Ысык-Көл облусунун дарбазасы эмеспи. Жайы-кышы облуска туристтердин агылып келери белгилүү. Алдыда жайкы сезон, ага удаа Көчмөндөр оюну кайрадан старт алганы турат. Мындай иш-чараларда облустун босогосу болгон Балыкчы шаарын келген меймандарга жагымдуу аура тартуулай тургандай иш кылууну ойлонуштурдуңузбу?

– Берметтей Ысык-Көлүбүздүн дарбазасы болгон Балыкчы шаарыбыз жылдан жылга жакшырып, акырындан жашыл шаар болуп баратат. Өткөн жылдары шаардын инфраструктурасын, эс алуу жайларын ондоодо, шаардын чек арасын тактоодо жана башка багыттарда көптөгөн жумуштарды аткардык. Мындай аракеттерибизди дагы да улантабыз. Босогону аттаганда эле өзүң көргөндөй «Манас» атабыздын монументи коюлуп, элибиздин символу болгон желегибиз желбиреп, келген меймандарга жагымдуу маанай тартуулайт. Ошондой эле «Жарык шаар» программасынын алкагында бир топ олуттуу иштер аткарылып, көчөлөрүбүзгө түнкү жарыктандыруулар орнотулду. Калаабызды жарык жана жарык шаар кылуунун аракетиндебиз. Ушул күндөрү башка жерлерден алынып келген «Павлунья» багын отургузууну пландап жатабыз. Бул бак Балыкчынын климатына ылайык келет экен. Буга удаа мэриянын имаратынын тышкы келбетиң, заманбап кылып жасоо менен алекпиз. Айлана-чөйрөнү жашылдандырып жана эски, иштебей калган фонтандарды ондоп, заманбап музыкалык фонтандарды орноткону турабыз. «Жарык шаар» программасын улантып, республикабыздын кичи шаарларынын ичинен биринчилерден болуп, Балыкчыда 2017-жылы «Коопсуз шаар» программасын ишке ашыра баштадык. Алдыдагы Көчмөндөр оюндарына ар кайсы мамлекеттен коноктор келүүсү күтүлүүдө. (Негизинен туристтерди, эс алуучуларды да татыктуу түрдө тосуп алабыз.) Мындай шартта Балыкчы шаары Ысык-Көлдүн дарбазасы болгондуктан келген меймандарга жагымдуу маанай жаратып туруусу абзел. Шаардын жашылдандыруусуна калаабыздын активдүү жаштары да өз салымдарын кошуп жатышат. Мындай нерсе бизди абдан кубантат.

– Өмүрү региондогу эл менен аралашпай жүрүп, өткөн жылы президенттик шайлоодо Ысык-Көл облусу боюнча Балыкчы калаасынан президент Сооронбай Жээнбеков үчүн биринчиликти камсыз кылып, арбын добушту кандай жол менен алып бердиңиздер? «Ырымын» берүү мененби?

– 2017-жылы өлкөбүздө олуттуу, келечегибизге таасир этчү зор окуя болгон президенттик шайлоо өттү. Бул маанилүү саясый иш-чарада Балыкчы шаарынын эли өзүнүн граждандык милдетин терең түшүнүшүп, жоопкерчилик менен мамиле кылып, жакшы катышып беришти. Куру убадаларга чарчаган эл эртеңки келечегин ойлоп, шайлоого активдүү келишти. Бул жерде эч кандай «ырым» жасалган жок. Керек болсо андай нерселерге жол берилбеди. Эл тараза, эл өзү чечти.

– Үстүбүздөгү жылды президент Жээнбеков «региондорду өнүктүрүү жылы» деп атады. Бул жарлык боюнча Балыкчы калаасын кандай негизде өнүктүрсөм дейсиз? Кыскача, ток этерин айтсаңыз?

– Балыкчы шаарынын мэриясы 2018-жылды «Инвестиция тартуу жана жаңы жумуш орундарын түзүү жылы» деп атаганбыз. Бул багытта көп иш-чаралар пландаштырылган. Жаңы ишканаларды ачууга инвесторлор менен сүйлөшүүлөрдү күчөтүп, чакан жана орто бизнеске жардам берүү иш-чаралары каралган. Буга чейин 2017-жылы жаңы социалдык-экономикалык долбоорлор ишке ашып, Кыргызстанда аналогу жок заманбап жер-жемиштерди сактоочу «Оберон» логистикалык борборунун ачылуусу, бөйрөк оорусуна чалдыккандарга кыргыздын азамат уулу Мирлан Исагалиев мырзанын жардамы менен гемодиализ борборунун ачылышы болду. 2018-жылдын январь айында шаарыбызда «Caterpillar» атайын техникаларга усул көрсөтүүчү борбору ачылып, муну менен бирге шаарыбызда 50 жумуш оруну камсыздалды. Мындай борбордун Кыргызстан боюнча аналогдору жок. Бул да болсо региондорду өнүктүрүүнүн бирден-бир бөлүгү болуп эсептелет.

Булак: Азия Ньюс

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 14 − = 8

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: