Menu

Замирбек Аскаров, Оштун биринчи вице-мэри: Мурда Ак-Буурабыздан пакеттер, желим бөтөлкөлөр акса, бүгүн таптаза суу агып жатат

Бөлүшүү:

-Замирбек Марипбаевич, биз билгенден Ош шаарынын эки чоң  көйгөйү бар эле.  Алардын бири иче турган таза суу, экинчиси, таштандылар. Мэрия бул көйгөйлөрдү чечүү боюнча кандай иштерди жасап жатат?

– КМШ боюнча тургундар ачык көлмөдөн суу ичкен эки гана шаар бар экен: Ереван, анан биздин Ош. Өзүңүздөр билесиздер, катуу жамгыр жааганда эле Данги тараптан түшкөн суу ылайланып, элге бир суткага чейин суу бералбай калган учурларыбыз болгон. Биз ушул көйгөйдү чечели деп атайын долбоор жазганбыз. “Азия өнүктүрүү банкы” биздин долбоорлорду кабыл алып, бүгүнкү күндө иш жүрүп атат. Биринчи долбоор боюнча, таза суу жердин астынан сордуруп алынмак, бирок, “Азия өнүктүрүү банкы” жүргүзгөн изилдөө жердин астынан суу чыкпай калышы мүмкүн экендигин көргөздү. Ошондуктан, экинчи долбоорду ишке ашырууну чечтик. Ага ылайык, шаарга чейин миңдик трубалар тартылып, тоонун суусу суу коргончосуна алып келинип, ал жерден тазаланып, хлорлонуп, элге берилет. Премьер-министрибиз Сапар Исаков өзү Дангинин башына чейин барып көрүп келди. Бул иш өкмөт башчынын жеке көзөмөлүндө турат.

Жергиликтүү, муниципалдык бюджеттин эсебинен Курманжан датка аймактык кеңешинин 222-223-кварталдарына таза суу жеткирилди. Эми Жапалак айылына суу жеткирүү маселеси турат. Бүгүнкү күндө бир суу коргончосу курулду. Эми Жапалак айылынын ичине суу түтүктөрүн тартып, экинчи суу коргонун куруу керек. Биз өкмөткө сунуш берип, 100 млн. сом акча каражатын сурап жатабыз. Эгер ал каражат ссуда катары берилсе, үчүнчү суу коргонун да куруп, Жапалакты суу менен толук камсыз кылабыз деген ойдобуз.

Эми тазалык маселесине келсек, «Тазалык» ишканасы өз каражатынын эсебинен таштанды салынчу жаңы контейнерлерди койду. Таштандылар учурунда ташылып, элден эч кандай доомат жок. «Ош сити» деген аталышта биз атайын мобилдик тиркеме уюштурганбыз. Кайсы жерден таштанды алынбай, же кайсы бир жерден суу түтүгү жарылып кетчү болсо, тургундарыбыз ошол замат бизге сигнал беришет. Мына, мисалы, Масалиев көчөсүнүн тургундарынан сигнал түшкөн (Замир мырза уюлдук телефонуна түшкөн билдирүүлөрдүн бир тобун окуп берди). Биз мобилдик тиркеме аркылуу кайсы жерде эмне көйгөй бар экенин бүт билип, көзөмөлгө алып, оперативдүү түрдө чечип турабыз. Мына бул жашыл менен белгиленгендери жооп берилип, чара көрүлгөндөрү. Кызыл менен белгиленгендери азырынча жооп бериле электери.

Жапалак айылынын үстүндө таштанды төгүлчү аянтча жайгашкан. Бизге элден көп арыз даттануулар түшүп жатат. Ошондуктан, биз таштанды полигонун башка жакка жылдыруу жагын карап жатабыз. Бул үчүн Кара-Суу районунун Бир-Адыр айылынын аймагынан жана Ош-Ноокат жолундагы Кеңеш айыл өкмөтүнө караштуу жайыт жерден жер сураганбыз. Азыр райондордун акимдери менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Эгер айылдык кеңештин депутаттары макулдук берип, маселе чечиле турган болсо, таштанды полигонун жылдырабыз. Себеби, эски полигон 100 миң эле адамга эсептелген. А биздин шаардын калкы болсо 280 миндин тегерегинде. Таштанды батпай баратат.

– Ак-Буура дарыясы Оштун символу гана болбостон, жалпы элибиздин сыймыгы да эмеспи. Бирок, мурда көп кафе-ресторандар, турак үйлөр дарыяга жакын салынып калып, алар таштандыларын түз эле сууга ыргытып, Ак-Буура булганууга дуушар болчу. Бул маселе кандай чечилүүдө?

– Чындыгында эле бир кездерде Ак-Буура кордолгон учурлар болгон. Дарыяга жакын жайгашкан чайканалар, кафелер таштандыга акча төлөгөндөн качып, таштандыларын сууга ыргытышчу. Биз мамлекеттик экотехникалык инспекция менен бирдикте рейддерди уюштуруп, сай боюнда жайгашкан объектилерге текшерүүлөрдү жүргүзүп турабыз. Шаарды көрктөндүрүү боюнча үч айлык жарыяланып, анын алкагында Ак-Бууранын жээги ишкана, мекемелерге ар бир метрине чейин бөлүп берилген. Алардын ар бири өздөрүнө бөлүнгөн участоктордун таза кармалышын, таштандылар төгүлбөсүн көзөмөлдөп турушат. Натыйжада, мурда пакеттер, желим бөтөлкөлөр агып турган болсо, бүгүн таптаза суу агып жатат.

– Шаарды өнүктүрүү боюнча кандай пландарыңыздар бар?

– Ош салыштырмалуу кичине шаар. Элдин, машиналардын саны көбөйгөндүгүнө байланыштуу шаардын көчөлөрү тар болуп баратат. Шаарыбыз болгону 60 миң машинага ылайыкташкан, бирок, бүгүнкү күндө 200 миңге жакын машина бар. Ал эми шаарга кирип чыгып жаткан унааларды айтпай эле коёлу. Эртең менен, кечинде тыгындар башталат. Баткенге, кошуна өлкөлөргө каттаган оор жүктөрдү ташуучу машиналар да Ошту аралап өтүшөт. Бул биринчиден, автотыгындарды пайда кылса, экинчиден, жолдорду, экологияны бузууда. Ошондуктан, биринчи кезекте шаардагы автоунаа кыймылын жөнгө салуу маселеси турат. Шаарыбыздын мэри премьер-министрдин астына барып, атайын долбоорлорду кабыл алдык. Биринчи кезекте Фуркат кыштагынан Батыш кичирайонуна чыгып кете турган айланма жолду салуу сунушун бердик. Азыр транспорт министрлиги менен бирдикте иштер жүргүзүлүп жатат. Алгачкы кадамдар 2018-2019-жылдары башталат деген үмүттө турабыз. Шаар тургундарына жакшы шартгарды түзүп берүү максатында асма көпүрөлөрдү курууну быйыл бюджетке киргизип жатабыз.

Жыл өткөн сайын элибиздин саны өсүүдө. Шаардын аймагын кеңейтүү максатында атайын генералдык план иштелип жатат. Анын негизинде бизге чектеш айыл өкмөттөрүнүн айрым бир жерлери биздин шаардын аймагына кошулат. Бирок, биздин милдет шаарды асманга карай өстүрүү. Бул үчүн көп кабаттуу үйлөрдү куруубуз керек.

Булак: Азия Ньюс

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 31 + = 41

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: