– Калдарбек мырза, жакында эле округдарга барып, эл менен жолугуп келбедиңиздерби? Шайлоочулар өз көйгөйлөрүн айтышкан чыгаар?
– Эл үлүшкө бөлүнгөн жерлерин иштетип, үрөндү, солярканы, техниканы өздөрү таап атышат. «Жаз – жарыш» дегендей, элдин баары жарышта. Эл болгону сугат суу маселесин коюп жатат. Кемпир-Абад суу сактагычынан Барпы, Ырыс, Сузак айыл өкмөттөрү аркылуу райондун ири айыл өкмөттөрүнүн жерлерине суу канал менен барат. Жалал-Абад шаары пайдаланган жашылча-жемиштин 70 пайызга жакынын Ырыс айыл өкмөтү берет. Ушундан улам, дыйкандар «быйылкы түшүм кандай болот» деп кыжалат болушууда. Себеби, канал тазаланган эмес, камыш басып, тең жарымына чейин баткак толуп калган. «Ичкен сууну ташып келсек болот экен, бирок, сугат сууну ташып келип жеткизе албайбыз да» дешет.
Экинчи көйгөй, Көк-Арт дарыясындагы шагылды мурда айыл өкмөттөрү өздөрү көзөмөлдөп, эл там салганда ошол шагылдан пайдаланышчу. Азыр мамгеология лицензия менен бирөөлөргө ижарага берип койгон. Алар шлагбаум коюп алып, каалаган баада сатышып, карапайым элди жолотпой коюшту. Аны сатып алганга элдин акчасы жок. Там сала албай кыйналып жатышат.
– Бул көйгөйлөрдү чечиш үчүн эмне кылыш керек?
– Бүгүн мен өкмөткө маселе коём. Көзөмөл укугун айыл өкмөттөрүнө кайра бериш керек.
Булак: ”Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ