Menu

Кочкор-Атадагы «Кыргызнефтегаз» ишканасы сатылабы?

Бөлүшүү:

Кочкор-Атада «Кыргызнефтегаз» ишканасынын сатылышы тууралуу Маммүлкту башкаруу фондунун төрагасы Ренат Түлебердиев 28-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди. Депутат Жанар Акаев акыркы учурдагы «Кыргызнефтегаз» ишканасынын тегерегинде жаралган кырдаал боюнча сурады. «Буга чейин Кочкор-Ата шаарында «Кыргызнефтегаздын» кызматкерлери митингге чыккан. Алар өлкөдөгү жападан жалгыз мунай өндүргөн ишкана Орусиянын «Газпром» компаниясына сатылып кетиши мүмкүндүгү боюнча кооптонууларын билдиришкен. «Кыргызнефтегазды» өкмөт «Газпром» менен сүйлөшүп сатабы же сатпайбы?» деп депутат Жанар Акаев суроо узаггы.

Мамлекетгик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Ренат Түлебердиев «Кыргызнефтегаз» ишканасынын сатылышы мүмкүндүгүн жашырган жок. «Инвесторлорду тартуу боюнча иштер жүрүп, кытай жана өзбек инвесторлорунан жана «Г азпромдон» сунуш түшкөн. Азыр сүйлөшүү же жол карталары боюнча айтууга эрте» деди Түлебердиев.

Булак: Азия Ньюс

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 69 + = 77

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: