Menu

Президенттин эрки чоң суроо жаратат

Бөлүшүү:

Президент Сооронбай Жээнбеков коррупцияга карты күрөштү күчөтүүгө убадасын бергенден бери, эми бул айткандарын аягына чыгара алабы деген суроо коомдо курч бойдон турат. Айрым саясатчылар президенттин корупциялык күрөштү күчөтүүгө каалоосу күч болуп, катуу талап койгон менен, күч түзүмдөрүнүн жетекчилери көңүл кош болсо, берген убадаларын аягына чыгаруу кыйын экенин белгилешүүдө.

Бул туурасында Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев: «Президент тергөөчү же прокурор эмес. Ал тапшырма берет. Тапшырма бергенге эрки жетет. Ал эми ал тапшырма аткарылбаганы үчүн жетекчини жоопко тартканга эрки жетеби же жетпейби – бул чоң суроо. Маселен, Коопсуздук кеңешиндеги президенттин катуу сөздөрү көп кишиге жаккан болчу. Бирок “коррупцияга каршы күрөштү күчөткүлө, мурда жабылган иштерди аягына чыгаргыла” деп, өзү сындаган кишилерге тапшырма берип жатат. Негизи эле ачылган кылмыш иштери кандай болгон күндө да аягына чыгарылышы керек. Күнөөлүү же күнөөлүү эмес экени айтылышы керек», – деп өлкө башчысынын эрки боюнча жыландын башын кылтыйты.

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 21 − 17 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: