Menu

Жеңиш Молдокматов: Биздин катарыбызга Мухтар Өмуракуновдун уулу кошулду

Бөлүшүү:

-Жеңиш мырза, партиянын теңтөрагалыгынан төрагалыкка секиришиңизде кандай сыр бар? Саясый партияны биротоло Өмүракуновдор династиясынан бөлүп алдыңызбы?

– Эл сүймөнчүлүгүнө ээ болгон, журтуна күйүмдүү Муктарбек Өмүракунов агабыз 2003-жылы сырттагы мекендештерге жардам берүү максатында «Замандаш» ассоциациясын түзүп, жардамын аянбай берип келген. Кийин мигранттардын маселеси бир уюмдун эмес, жалпы мамлекеттин жоопкерчилигинде болуусун көздөп, «Замандаш» партиясын түптөгөн. Саясый кубулуштарда активдүү катышып, эл ичинде чыныгы элдик уул наамына татыган. Кудайдын буйругу экен, 2011-жылы кыргыз эли чоң жоготууга дуушар болду. 2011-2012-жылдары партия үчүн өткөөл мезгил орун алды. Ошол кездерде партияны сактап калуу милдети Муктарбек Сүйүналиевичтин бир туугандарына ыйгарылган. Бул милдетти көтөрүү, партиянын ишин алдыга жылдыруу алгач партияга ишенген «замандашчылардын» жана бул саясый күчтөн көптү үмүт эткен жалпы элдин алдында чоң жоопкерчилик эле. 2012-жылы жергиликтүү кеңештин шайлоосунда «Замандаш» өлкө боюнча 740 депутаттык мандатка ээ болгон. Бирок, 2013-жылдан тарта партиянын курамына ар тараптан түрдүү күчтөр кирип, партияны ичинен ыдыратып, ички ынтымакты кетирүүгө жетишип, жыйынтыгында, 2015-жылы партия парламенттик шайлоодо утулуу ызасын тартып, өткөөл мезгил дагы бир ирет орун алган. Айтор, мындай коркунучтарга алып келген башкаруу системасындагы мүчүлүштөр болгону анык. Себеби, буга чейин партияда төрагалык же көп төрагалык башкаруу институту иштеп келген. Көп төрагалык башкаруудагы эң чоң кемчилик – бул жоопкерчиликтин жана тартиптин жоктугу. Муктарбек Сүйүналиевич каза болгондон тарта бүгүнкү күнгө чейин партиянын уставы көп жолу бурмаланып, баштапкы саясый багыттар жана максаттар дагы байма-бай өзгөрүп турган. Лидерликти талашуу маселеси көп жылдан бери курч болуп келгени чындык. Мындан тышкары, партиянын ишмердүүлүгүнө бир жооптуу адам болгон эмес. Аныгында, 2015-жылкы парламенттик шайлоодон кийин партиянын иштерин убактылуу токтотууга туура келген. Ал эми мен 2015-жылкы парламентик шайлоодо «Замандаштын» таламын талашкам. Негизи, менин саясый, коомдук иштерге аралашып калуума себепкерлердин бири Муктарбек Өмүракунов болгон.

2016-жылы 8-октябрда партиянын кезектеги съездинде мени тең төрагалыкка алып келишкен. Айтор, алдыбызда аябагандай чоң жоопкерчилик бар эле. Биз ал милдетти так аткарууга жетиштик. Ошентип, аткарылган иштердин негизинде 2018-жылдын 17-мартында партиянын кезектеги съезди ийгиликтүү өтүп, күн тартибинде негизги үч маселе каралды. Биринчиден, биз партиядагы көп торагалык башкаруу институтун жоюп, бир төрагалык башкарууга өттүк. Экинчиден, бир лидерлик башкарууга ылайык уставдын жаңы долбоорун кабыл алдык. Үчүнчүдөн, мени съездде бир добуштан лидерликке алып келишти. Учурдан пайдаланып, мага ишеним көрсөткөн баардык партиялаштарыма терең ыраазычылык билдиремин. Баса белгилеп кетчү нерсе, катарыбызга Муктарбек Сүйүналиевичтин уулу Аскарбек Мукгарбекович кошулду. Бул биз үчүн жакшы башталыш жана саамалык.

– Шайлоодо аракеттеги президент Сооронбай Жээнбековду сүрөөнгө алганыңыз менен кызматка баруу жагыңыз кечеңдеп жаткандай. Же «Замандаш» партиясын Жээнбековдор келе жаткан парламенттик шайлоого даярдап жатат» деген кептердин чындыгы барбы?

-Сооронбай Шариповичти чыныгы мамлекетчил, мекенчил, ажолукка татыктуу жана ишенимдуу талапкер катары тандап алганбыз. Анын башка талапкерлерден өзгөчөлүгү тазалыгында жана ыймандуулугунда болгон. Кудайым буюруп, шайлоодо биз сүрөгөн Сооронбай Шарипович элдин ишеничине ээ болду. Ал эми кызмат боюнча шайлоо алдында эл менен жолугушууларда мен ачык айткам, «биз Сооронбай Шариповичти кызмат үчүн эмес, мамлекеттин келечеги, элдин кызыкчылыгы үчүн колдойбуз» деп. Айткандай, сөзүбүзгө турдук. «Саясатчы алдабашы, уурдабашы жана айтканына турушу керек» деген принцип биз үчүн, мен үчүн эң жогору турат. Анүстүнө, мен кантип партиялаштарымды таштап, кызматка кетем? Биздин максат – Кудайым буюрса, парламенте көпчүлүк орун менен келүү. Ал эми «Замандаш» партиясын Жээнбековдор келе жаткан парламенттик шайлоого даярдап жатат» деген сөздөр калп. Буюрса, биз кийинки парламенттик шайлоодо элдин колдоосуна ээ болобуз деп ишенебиз.

-Сооронбай Жээнбеков өлкө башчылыгына барганы канча ирет жолуктуңуз? Дегеле президенттин өзү жана үкасы Асьшбек Жээнбеков менен мамилеңиз кандай?

– Сооронбай Шарипович менен мамилем абдан жакшы. Шайлоо учурунда мага ишеним артып, өзүнө ишенимдүү өкүл кылып дайындаганы мен үчүн аябагандай чоң жоопкерчилик болгон. Президент менен канча ирет кезиккенимди ачыктоо – бул саясый этикага туура эмес келет. Ал эми үкасы менен мамилем абдан жакшы. Асылбек Шариповичти мыкты саясатчы, өз элине жана мамлекетине күйүмдүү инсан катары тааныйм жана абдан сыйлайм. Ортобузда ага-инилик сый-урмат бар.

– Партиянын кем-карчтарын каржылоодо каражатты кимден аласыз? Жээнбековдордон же алардын жакындарынан, президенттик аппараттын астында «бийлеген» бизнесмендерден бирөө-жарым демөөрчү болобу?

– Туура, «Замандаш» учурда он миңдеген мүчөлөрү, аймактарда тынымсыз иштеген комитеттери бар өлкөдөгү эң чоң жана ийгиликгүү партия. Албетте, мындай чоң саясый уюмду иштетүүдө каражат талап кылынат. Бирок, баардыгы туура башкарууда. Эгерде эффективдүү менеджментти орното алсаң, өтө чоң каражат сарптоонун кажети жок. Ошондой болсо да партиянын жалпы аппаратын иштетип, саясый иштерди аткарууда каражат керектелет. Бүгүн партиянын катары жигердүү, өздөрүнө тың, билимдүү, тажрыйбалуу адамдар менен толукталууда. Партиянын иштери өзүбүздүн катарыбыздагы мүчөлөрдүн колдоосу менен алдыга жылууда. Мындан тышкары, «Замандаш» партиясы мигранттардын курамынан чыккан партия болгон соң, сырттагы биздин мекендештердин колдоосу аябагандай күч. Жакында Россияга болгон сапарыбыз толугу менен Орусиядагы «замандаштардын» чакыруусу алдында өттү. Кудайым буюрса, биздин партия эң күчтүү, таасирдүү жана кийинки парламенттик шайлоодо көпчүлүк добуш менен келет.

Булак: Азия Ньюс

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 27 + = 28

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: