Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов KG номери жок эл өкүлдөрүн эч ким тааныбай жатканын айтып чыкты. Бул туурасында: «KG номер жок болсо, машиненин ичинде депутат бара жатканын эч ким билбей калат экен. Шайлоочулар депутаттын келгенин билиш керек. Биз номурлардын баарын тапшырганбыз. Кайра берсеңер, менчик унаабызга тагып алсак жакшы болмок», – деген маселени көтөрдү. Ошондой эле эгер депутаттарга KG номер берилбесе, анда өкмөт мүчөлөрүнөн дагы андай номурларды алуу керектигин кошумчалды. Албетте, депутаттарга номер бергенден эч нерсе болбойт. Андан мамлекет пайда да, зыян деле тартпайт. Калыстык менен карасак, эл өкүлү айткандай, өкмөт мүчөлөрү да депутаттардай жөнөкөй номер менен жүрүүгө тийиш.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ