Menu

Кыргызнефтегаз дагы сатылабы?

Бөлүшүү:

Жалал-Абад облусунун Кочкор-Ата шаарында жайгашкан “Кыргызнефтегаз” ишканасына Өзбекстандан, Кытайдан жана Орусиядан инвесторлор кызыгып жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңеште Мамлекеттик мүлк фондунун башчысы Ренат Түлөбердиев: “Кыргызнефтегаз” өзүнүн 10% гана көлөмүндө иштеп жатат. Бул абдан аз. Түштүктө күйүүчү-майлоочу майга болгон суроо-талап жогору. Мунайды иштеп чыккандан кийин аны сактай турган жер аз болуп жатат. Инвестиция керек. Менин маалыматым боюнча, кытай, өзбек инвесторлорунан жана “Газпромдон” сунуш түшкөн. Ошонун алкагында азыр каралып жатат», – деп билдирди. Буга чейин “Кыргызнефтегаздын” элдеги акциялары жыйнала баштаганына акционерлер нааразы болуп чыгышкан. “Кыргызнефтегаз” ишканасынын башкы инженери Тимур Мураталиев өндүрүштү жогорулатуу жана жаңы кен жайларын ачуу максатында өкмөт “Газпром” ишканасы менен сүйлөшүү жүргүзгөнүн, учурда эки тараптан сегиз адамдан турган жумушчу топ түзүлгөнүн билдирген. Анын айтымында, инвестор акциялардын 100%ын талап кылгандыктан, элдин колундагы акцияларды чогултуу башталган. 2500 адам иштеген “Кыргызнефтегаз” ишканасынын 85% акциясы Мамлекетттик мүлк фондуна, калганы элге тиешелүү. Ишкана былтыр 100 миң тоннага жакын мунай өндүргөн.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун берген маалыматына караганда, мамлекеттин карамагында 1150 ишкана бар. Алардын 894ү иштебейт. Өткөн жылдын жыйынтыгында мамлекеттин карамагындагы ишканалардан 124 млн. сом көлөмүндө киреше алынган, бул өтө аз. Демек мамлекеттик мүлк натыйжалуу башкарылбай, жөндөмсүз жетекчилердин кесепетинен республикалык бюджет көптөгөн каражаттан куржалак калууда.

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 5 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: