Menu

Ногойбаевдин “богуна” курай сая албай коюшту

Бөлүшүү:

“Кыргыз темир жолу” ишканасынын директору Алмазбек Ногойбаев «сууга салса чөкпөгөн, отко салса күйбөгөн» «ыйык» экен. Мыйзамды көзгө илбей, кызмат абалынан кыянат пайдаланып, өз билгенин жасап жатканын Жогорку Кеңештин депутаттарына чейин айтышты. Бир дагы жогорку жетекчи, коррупция менен күрөшкөн мамлекеттик орган реакция жасап, чара көрөлү дешкен жок. Мына Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев “Кыргыз темир жолу” ишканасы Казакстандан 150 вагон сатып алыш үчүн Орус-кыргыз өнүктүрүү фондунан 8 млн. 380 миң доллар насыя алганы менен азыркыга чейин вагондорду алып келбегенин айтып чыкты. Ошондой эле Ногойбаевдин бала-чакасы да ишканага тиешелүү жерлерди өздөрү каалаганча пайдаланып жатканын, кызы конок үйүн куруп алганын да кошумчалаган. Булары аз келгенсип, мамлекеттин бюджети 22 миллиард сом аңырайган жыртык менен отурса, Ногойбаев Өзбекстандын Кыргызстандын «Темир жол ишканасына» болгон 137 млн. сом карызын кечип таштаптыр. Бул деген мамлекетке кылган чыккынчылык да. Анан да уялбай: «Кызым мага ыйлап келбей, ийгиликтүү ишкерлик кылып жатат. Мен сыймыктанам», – деп уялбай сүйлөп жатат. Мындайды түз эле түрмөгө отургузса жарашмак… Коррупция менен күрөшөм дегендер кайсы жакты карап отурушат?..

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: