КТРКнын жылдызы жанып турган диктору Чынара Капарованы Илим Карыпбеков деген неме иштен айдап, өз билгенин жасаган эле. Чынара Капарова да жөн жатпай мыйзамдуу негизде соттошуп жүрөт. Мыйзам алкагынан алып караганда тараза ташы Чынара айым тарапка ооп, аны кайрадан “Ала-Too” маалымат программасынан көрүп калчу күндөр да алыс эмес экен. Кудайым Капаровага күч-кубат берип, Илим Карыпбековду сот аркылуу жайласа экен. И баса, моралдык чыгымды телөтүүнү да унутпаш керек.
Булак: “Ачык Саясат”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ