КМШ өлкөлөрүнүн парламенттер аралык ассамблеясы уюштурган Чыңгыз Айтматов атындагы эл аралык сыйлыкка кыргыз бюджетинен бөлүнгөн 30 миң долларды Жогорку Кеңештин кызматкерлери уурдап жеп алышканы боюнча УКМК кылмыш ишин козгоп, парламенттин Эл аралык иштер боюнча комитетинин аппаратынын жетекчиси Закировду камакка алган.
Ал берген көрсөтмөлөрдүн негизинде УКМК экс-спикер Чыныбай Турсунбековду, анын жардамчысы Нурлан Абдыгул уулун жана КР өкмөтүнүн биринчи вице-премьери Аскарбек Шадиевди суракка алып жатат.
Чындыгында эле эмнеге Аскарбек Шадиев менен Чыныбай Турсунбеков Жогорку Кеңештин эсебинде турган акчаны парламенттик ассамблеянын банктык эсебине эле которуп жибербей, накталай алууга кол коюп беришкен? Бир мандем бар. Ушул фактынын өзү эле каржылык мыйзам бузуу эмеспи.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ