Menu

Алматыда Кытайдан келген кайрылмандар митинг өткөрүүгө уруксат сурашууда

Бөлүшүү:

Алматыда Кытайдан келген бир топ кайрылман акимчилик имаратына барып, Кытай куугунтуктоосун көрүп жаткан туугандарынын укугун коргоо максатында тынч митинг өткөрүүгө уруксат сурады.

Маалыматтарга караганда, он чакты кайрылман Алматы шаардык ички саясат башкармалыгына 8-апрель күнү саат 10:00дөн 17:00гө чейин “Сарыарка” кинотеатрынын артында жыйын өткөрүүнү сурап кат тапшырган. Өтүнүч катта митингге миңге чукул адам катышат деп көрсөтүлгөн.

Өзүн Кытайдан келип, Казакстан жарандыгын алдым деп тааныштырган Даулетбек Ерболдун айтымында, Кытайга кеткен 75 жаштагы апасынын паспортун ал жактын бийлиги тартып алып, бербей жатат.

Кайрылмандар митингде Кытай өкмөтүнөн ал жакта мыйзамсыз кармалып турган туугандарын бошотууну, куугунтуктоону токтотууну жана Казакстанга көчүп келүүнү каалаган казактарга уруксат берүүнү талап кылышат.

Катты акимчиликтин кызматкери Акерке Абдикадирова кабыл алды. Анын айтымында, катка 15 күн аралыгында жооп берилет.

Булак: «Борбор Азия жаңылыктар кызматы»

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 16 = 22

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: