Menu

Сапар Исаков өзбек премьери Абдулла Арипов менен Алайдагы Сары-Таш жайлоосун Өзбекстанга пайдаланууга берүү маселесин талкуулады

Бөлүшүү:

29-мартта, Фергана шаарында (Өзбекстан) Кыргызстандын премьер-министри Сапар Исаков жана Өзбекстандын Премьер-министри Абдулла Ариповдун жетекчилиги астында эки өлкөнүн чектеш облус жетекчилеринин кеңешинин жыйыны болуп өттү.

Анда башка маселелер менен катар эле Алай районунун Сары-Таш жайлоосун Өзбекстанга пайдаланууга берүү маселеси каралып жатканын жана бул чечим кабыл алынып калса Кыргызстандын экономикасына каражат түшөрүн өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Таалай Сарыбашов “Спутник Кыргызстан” радиосуна билдирген.

“Сары-Таш жайлоосундагы жайыт учурда жергиликтүүлөр тарабынан пайдаланылбай турат. Союз мезгилинде кошуна өлкө менен жайыттарды пайдалануу боюнча келишимдер түзүлүп келген. Бүгүнкү жолугушууда бул маселени карап чыктык. Эгерде бул демилге ишке ашса, анда Алай районунун экономикасынын көтөрүлүшүнө да чоң салым болот”, — деди Сарыбашов.

Ал ошондой эле Ош облусунун Өзбекстандын Анжиян облусу менен чектешкен аймагы 241 чакырымды түзөрүн кошумчалады.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 40 − 36 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: