Menu

Бүгүн КСДПнын съезди оппозиция тегерек үстөл өткөрүп жүргөн “Орион” мейманканасынын жыйындар залында өтөт

Бөлүшүү:

Бүгүн, 31-мартта КСДПнын Атамбаевди партиянын лидери кылып шайлоо боюнча съезди Бишкектеги оппозиция такай тегерек үстөл өткөрүп жүрчү “Орион” мейманканасынын жыйындар залында өтөт. Учурунда оппозиция ал жерге жыйын курса атамбаевчил күчтөр мурдун чүйрүп, “тапкан жерин карагыла, ал жерге бир ууч оппозиция гана батат” таризинде жазышчу. Тагдырдын тамашасы менен азыр КСДП ыдырап, атамбаевчил күчтөр кыргыз филармониясына өткөрөбүз деп камданып жатышкан съездин “Орион” мейманканасын көздөй бурушту.

Съездди да съезд деп атоодон тартынышып, КСДПнын жыйыны өтөт деп атай башташты.

Жыйында бир эле маселе – Алмаз Атамбаевди КСДПнын лидерлигине кайрадан салтанаттуу шайлоо каралат. Бирок уюштуруучулар лидери Атамбаев дагы бир нерселерди “балп” этип салса элге чыгып кетпесин деп жыйынга журналисттерди киргизбөөнү чечишиптир. Алтургай өз делегаттарына ишенбей, чөнтөк телефондоруна Атамбаевдин сүйлөгөнүн жазып алып, сыртка жайып жибербесин деп баарынын мобилдүү телефондорун сыртта калтырууну талап кылышыптыр.

Билермандардын айтымында, айрым делегаттар атайын даярдалып, съездде Атамбаев КСДПнын лидери болуп шайлангандан кийин аны КР Жогорку Кеңешиндеги КСДП фракциясы көзөмөлдөгөн коалиция аркылуу КРнын премьер-министри кызматына сүрөө чечими кабыл алынат экен.

Анан 7-апрелде Алмаз Атамбаев “Ала-Тоо” аянтына алып чыгам деп жаткан 10 миң митингичи да Атамбаевдин КР Премьер-министри болуп шайланышын талап кылат дешет.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 82 = 85

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: