Menu

Алмаз Атамбаев: “Резиденцияга үй салганым чын, ага бюджеттен тышкары фонддун акчалары кетти, Роза Отунбаева деле резиденцияда жашап жатпайбы”

Бөлүшүү:

“Мамлекеттик резиденцияга жаңы үй салганым чын, бирок ал үй мен курганым менен мамлекеттин менчиги болуп калат. Мага мамлекет резиденцияга үй салып бергенге милдеттүү болчу, бирок мен мамлекетти кыйнап олтурбай акчаны өзүм таптым”, – деп билдирди Алмаз Атамбаев бүгүн, 31-мартта өзү уюштурган маалымат жыйыны учурунда журналисттерге жооп берип жатып.

“Роза Отунбаева отставкага чыкканда деле резиденциядан бир үй беришпедиби. Ошол сыяктуу мага да бир үй салып бергенге мамлекет милдеттүү болчу. Мен акчаны бюджеттен эмес досторумдан алдым, анан бюджеттен тышкаркы фонддордон алдык. Мен ал жерде канча жашарымды билбейм, менден кийин ал үй мамлекетке калат. Өзүм Кой-Таштагы үйүмдү бүтүрүп, ошол жерге эле жашайын деп жаткам, бирок үй-бүлөм резиденцияга эле жашайбыз деп талап кылып калышты. Ошондуктан үй салууга аргасыз болдум. Менин жубайым шаарда, Ош шарында туулуп, өскөн эмеспи, шаарда эле жашагысы келет”, – деди Алмаз Атамбаев.

Эсиңиздерге сала кетсек, 29-март күнү КР Президентинин Иш башкармалыгы “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясына экс-президент Алмаз Атамбаев үчүн 1 миллион 100 миң еврого жаңы үй курушканын билдиришкен. Бирок акча сырттан келди деп айтышкан эмес. Ага чейин оппозициялык ММКлар бул тууралу жазышса бийликтин акырынан жем жеген ММКлар калпка чыгарып келишкен.

Роза Отунбаева отставкага кеткенде ага “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясынан эски, мурунку вице-премьерлер жашап жүрүшкөн үй бөлүнүп берилген.

Республиканын жетекчилерине резиденциядан бөлүнгөн үйлөр алар каза болгондон кийин алардын балдары пайдаланып каларын А. Масалиевдин жана Т.Усубалиевдин мисалдарынан көрүүгө болот.  Ошондуктан Атамбаев бул үй өзүнө түбөлүк каларын билип эле турат.

Анан Атамбаевдин бюджеттен акча алган жокпуз, бюджеттен тышкаркы фонддордон алдык дегени суу кечпеген шылтоо. Анткени бюджеттен тышкаркы фонддор мамлекеттик эле мекемелерде бюджеттен сырткары түшкөн акчаларды жыйноо үчүн түзүлөт. Эсиңерде болсо Аскар Акаев өзүнүн атаандашы Феликс Кулов Улуттук коопсуздук комитетин жетектеп турган учурда комитеттин алдында бюджеттен тышкаркы фонд түзүп, анда акча жыйнап, ал акчаны максатсыз пайдаланганы – комитет үчүн ар түрдүү атайын шаймандарды сатып алганы үчүн мыйзамды бузду деп соттотуп жиберген.

Ошентип, 1 миллион 100 миң еврого курулган, бийликтин кошоматчылары калп деп танып келатышкан үйдүн тарыхы да ачыкка чыкты.

Булак: Kyrgyztoday.kg

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 19 + = 20

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: