Menu

Эрнис Кыязов, журналист: “Казандагы эки кочкордун башы тууралуу 5 минус жана 5 плюс (же каңгыган тотукуштун кайрылып келиши тууралуу баян)…”

Бөлүшүү:

..экс-ажо тактыда олтурган кезде жарандык позициямды билдирип түзүк эле сындап келсем да, тактысын мыйзамдуу өткөрүп бергенден бери бу фейсбук майданында а киши туурасында бир да сын-пост жазганым жок: эми менин жазган-жазбаганыман асман түшүп, күн чыкпай калбайт дечи, тек, кеттиби кетти, кеткен соң тарыхты чукулап, ала-буласын аңтарып, раматылык Салижан Жигитов агайым айтмакчы алды жакты эмес, артты чукулап “желке менен ойлонгум” келген жок. Эскиси го кетти, эми мына жаңы ажо мурункулар жасай албаган реформаларды качан шартылдатып биринен сала бирин катырып баштаар экен деген таризде эл менен кошо баео үмүт кубалап келаткам… Ангыча, КСДПнын сьезди жана экс-ажо катышкан маалымат жыйынынын фонунда Атамбаевдин дымагы кайрадан калдайып чыга келди жана бул постту жазуума да ушул окуялар таасир этти. Ток этери, мага төмөнкү жагдайлар түшүнүктүү болду:

Минустар:

1). Бийликтен оолактап, алты жыл күжүлдөп иштеген мээни жакшылап эс алдырып дегендей,.. арттагы ажолук жылдарына кылчая карап, мурда көрбөгөн чындыктарды көрүп, талдап, эми салабаттуу даанышмандык позицияны ээлеп калды го деген үмүттү экс-президент таш каптырды.

2). КСДП Атамбаев бар үчүн эле КСДП экени кезектеги сьездде дагы бир ирет кашкая далилденип: Акаевге гана байланган “Алга Кыргызстандын”, Бакиевге гана байланган “Ак Жолдун” мурункусу менен кийинкисин эстетти.

3). Маалымат жыйынында өлкөнү өнүктүрүүнүн келечеги тууралуу элге үмүт берген бийик, залкар идеяларды айтуунун ордуна “Бишкек ТЭЦине мен күнөөлүү эмесмин”, “Кой-Таштагы үйгө көчөлү десем, аялым резиденцияда эле жашайлычы деп көнбөй жатат..” , “Сооронбай Жээнбековду курчаган чөйрөсү начар..”, “Эдил Байсаловго ишенбегиле..” деген сыяктуу кимгедир кекенген, ичи ачышкан, менменсинген ары тайыз, ары майда ойлор менен оолугуп тим болду.

4). “Соке досунун” илгери өкмөт башчысы болуусуна да ӨЗҮ тикелей түрткү болуп, анан Сокени кайра президент кылууга ӨЗҮ токтолуп, шайлоодо ӨЗҮ колдоп-сүрөй элге аны мактап, ант берүү зыйнатында “эл үчүн иште” деп ӨЗҮ каалоо айтып, кабинетине кирип үстөлгө ӨЗҮ олтургузуп, эми Сокенин президент болгонуна 4 ай болуп болбой жатып кайра ӨЗҮ нааразы болуп жатканы – жумшак айтканда,.. ар адамды үшкүртө жылмайтып, жерге түкүрүүгө аргасыз кылат…

5). Интернет медиа айдыңындагы маалымат сайттардын көбү “Экс-президент саясатка кайтып келди..” деген теманы баса белгилеп көп жазышты. Кайтып келүү эмне болуп калыптыр, саясат быякта калсын, ал президенттик ишин дагы деле С. Жээнбековго биротоло карматкысы келбей кыйылып, ичтен сызылып жатканын бүгүнкү маалымат-жыйындагы ызалуу деми даана ачыктады.

Плюстар:

1). С. Жээнбеков менен А. Атамбаевдин ортосундагы атаандаштык дагы да күчөй берсе, “..мен айтпайын десем, өзүң айттырдың..” деген сыңар далай чындыктар (Кумтөр, Дача-су, 7-апрель, каралар дүйнөсү ж.б.) коомго белгилүү болушу мүмкүн. Негизи эле, атаандаштык өзү жакшы нерсе.

2). Алмазбектин сырын Сооронбайдан, Сооронбайдын сырын Алмазбектен жакшы билген киши аз. Экөө тең КДСПнын продуктусу болгону менен, бирөө азыркы, бирөө мурунку президент. Мурунку ажонун көп быкыйлары бар, азыркы ажо деле алдыда билип-билбей, түшүнүп-түшүнбөй, атайылап же кокустан быкыйларды жасабайт деп кепилдик берүү кыйын. Демек экөө тең ар качан, ар мезгилде бирине бири дапдаяр, потенциалдуу “башкы оппозиционердин” ролун ойноого шымаланып турушат.

3). Эки саясый фигуранын ортосундагы чыңалуу тереңдей бере турган болсо, ооз жүзүндө эле “парламентаризмдин символу” болумуш этип келаткан Жогорку кенештеги эт менен челдин ортосундагы күчтөр өздөрүнө өздөрү “биз кимбиз, ким болушубуз керек эле?” деген суроолорду көбүрөөк берип уйкудан ойгоно башташы ыктымал…

4). Кыйла тыныгуудан кийин Атамбаевдин үн катып С.Жээнбековдун короосуна таш ыргытышы азыркы президенттин же ары, же бери позициясынын коомго эртерээк билинишин эртелетет. Досчулук досчулугу менен, бирок учурдагы президент алдыдагы алты жыл бою “моюнунан байланган иттин” абалында жүрүп “президенттик” кылуу үчүн шайланбагандыгын, өз алдынча чечим чыгара алган ажо экенин ачык, так далилдөөсү – өзү үчүн да, коом үчүн да принципиалдуу.

5). Кыргыз саясатында качкан президенттердин практикасы коомдо, саясат таануу чөйрөсүндө ар түрдүүчө талкууланып келет. Амалекин, качпаган президент “феноменинин” коомдогу орду терс же оң болоорун Атамбаев мындан аркы кадамдары менен өзү аныктап, өзү далилдеп бергени калды. Алдыда аны кандай тагдыр күтүп турса да, бу да болсо элдин саясый аң-сезиминин өсүшүнө жакшы угут болоорунда күмөн жок.

P.S.

Казанда негизи бир эле кочкордун башы кайнашы керек. Аны үчүн эки кочкордун тең алдында бир эле жол бар: же тигиниси, же мунусу “сиз төргө өтүңүз” деп колун бооруна алып, баш ийип өзү экинчи планга сүрүлүүгө тийиш. Бирок андай болушу кыйын экендигин А. Атамбаевдин бүгүнкү маалымат жыйынындагы “Соке досу” тууралуу ич күптү сөздөрү далилдегенсип койду. Казанда жалгыз кайноо үчүн С.Жээнбековдун алдында бир эле арга бар: башкасын санап нетели, демократиялык процесстерге жолтоо болгон эң чоң тоскоолдуктардын бири коррупцияны батыл жүргүзүп, мурунку-кийинки ууру схеманын каармандарын “Токтот! Казынаны уурдаба! Жебе, сол чөнтөкко солобо!” деп айтпаска аргасы жок. Антчү болсо, Атамбаевдин эски быкыйларын, ага тиешелүү болгон анын “кишилерин” баары бир жазалоого туура келет. Ана ошондо, Атамбаев “регионализмди” найза кылып алкынып, Мискенбаев кыйыткан “ака-үка” маселесин козгочу болсо, даана ботко ошондо башталааар бекен… Эми андан Кудай сактасын!..

Журналист Эрнис Кыязов.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 52 = 56

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: