Menu

Фото – Кечээ президент Сооронбай Жээнбековдун N1-жан сакчысы Дамир Мусакеев экс-президент Атамбаевди кайтарып жүрдү

Бөлүшүү:

Кечээ, 31-мартта Бишкектин “Орион” мейманканасында КСДПнын 17-съезди өтүп жаткан мезгилде КР президенти Сооронбай Жээнбековдун N1-жан сакчысы Дамир Мусакеев президентти таштап коюп, экс-президент Алмаз Атамбаевди кайтарып, мейманкананы айланчыктап жүрдү. Бул тууралу Дамир Мусакеевдин ошол жердеги сүрөттөрү менен кошо жарыялап, КР УКМКнын экс-кызматкери, азыркы адвокат Улан Жумаков жана белгилүү юрист, адвокат Искен Афиджанов жазып чыгышты.

Дамир Мусакеев азыркы кезде КР УКМКнын төрагасынын орун басары рангында, комитеттин 9-башкармалыгын, тагыраак айтканда КР Кайтаруу кызматын жетектейт. Кайтаруу кызматынын негизги милдети – өлкөнүн биринчи кишилерин: КР Президентин, ЖКнын спикерин, Премьер-министриди жана КР Жогорку соттун төрагасын гана кайтарат. Курманбек Бакиевдин учурунда бул кызматты Жаныш Бакиев аркалаган.

Дамир Мусакеев ким?

2005-жылы 25-октябрда “мыйзамдагы ууру” Азиз Батукаев олтурган Молдовановкадагы N31-абакка парламенттин депутаттарынын арасында кошо келген депутат Тынычбек Акматбаев өлтүрүлөт. Тынычбек Акматбаев дагы бир кримтөбөл, Батукаевдин душманы Рыспек Акматбаевдин бир тууган иниси болгон.

Өлкөнүн премьер-министри Феликс Кулов ошол эле күнү N31-абакта батукаевчилер тарабынан барымтага алынган жарандарды бошотуу үчүн Молдовановкага барып, Батукаев менен жолугуп, сүйлөшүүлөрдөн кийин, барымтадагылар бошотулат. Ал эми Азиз Батукаев күч органдары тарабынан кармалып, аябай катуу сабалат.

26-28-октябрь күндөрү кримтөбөл Рыспек Акматбаев өзүнүн тарапташтары менен Ак үйдүн алдына митингге  чыгып, премьер-министр Феликс Куловдун отставкасын талап кыла баштайт. Ал иниси Тынчтыкбек Акматбаевдин өлтүрүлүшүнө Азиз Батукаев менен бирге Феликс Куловду да айыптаган.

Ак үй алдындагы митингде Рыспек Акматбаевди коштоп жүргөн жигиттердин арасында “Дамон” деген каймана аты менен Дамир Мусакеевдин да сүрөтү сакталып калган. Ошондуктан аны айрым журналисттер Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү болгон деп жазып келатышат.

28-октябрдын кечинде премьер-министр Феликс Куловдун туулган күнү болгондуктан анын үйүнө спикер Өмүрбек Текебаев баштаган бир нече депутат, анын ичинде раматылык Мелис Эшимканов, Өнөр жай министри Алмаз Атамбаевдер куттуктап келишкен. Ошол жерде сөздөн–сөз чыгып олтуруп, премьер-министрге кримтөбөл Рыспек Акматбаев түзүп жаткан проблема да талкууланып калат. Ошондо Алмаз Атамбаев : “ошол да кеппи, аны оңой эле чечсе болот, азыр кааласаңар мен Эркин Мамбеталиевди чакырып, Рыспекке жөнөтөм, ал сүйлөшүп, тез эле жайгаштырып келет” деп сунуштайт. Бирок катышып олтургандар “бийлик криминал менен мындай кызматташса жаман прецедент түзүлүп калат” деп ынанбай коюшат.

Андан кийин көп суулар акты, 2016-жылы 1-июнда президент Алмаз Атамбаев өзүнүн буйругу менен жан сакчысы Дамир Мусакеевди КР УКМКнын төрагасынын орунбасары рангында КР Мамлекеттик кайтаруу кызматынын начальниги кылып дайындайт. Мусакеев бул кызматта Атамбаевдин ишенимин актап, ак ниеттен кызмат кылып келди.

2017-жылдын 25-октябрынан тартып, мурас боюнча Дамир Мусакеев жаңы президент Сооронбай Жээнбековдун кайтаруу кызматын жетектөөсүн улантат.

2018-жылдын 31-мартында КСДПнын съездинде экс-президент Алмаз Атамбаев жаңы президент Сооронбай Жээнбековду Бишкек ТЭЦин реконструкциялоодогу 500 миллион сомдон ашык акчанын башын жеген коррупция жана бажыдагы 10 миллиард сомдон ашык коррупциялык урдоолор боюнча айыптады. Бул айыптоолор экс-президент менен азыркы президенттин мындан аркы жолдору эки башка болорун айкындады. Тирешүү жаңы фазага өттү. Мына ушул ситуацияда Дамир Мусакеев өзү Атамбаев тарапта экенин көрсөттү. Бирок расмий кызматы мурдагыдай эле Сооронбай Жээнбековдун коопсуздугун камсыз кылуу боюнча N1-жан сакчы бойдон кала берүүдө.

Эгер тажрыйбалуу төңкөрүшчү Алмаз Атамбаев теориялык жактан айтканда бийликти алмаштыргысы келсе мурункудай Ак үйдүн алдына 10 миң адамды топтоп, алып келүүнүн кажаты жок болуп калды. Президенттердин коопсуздугу толук бойдон Кайтаруу кызматынын жетекчисинен көз каранды. Ошондуктан Кайтаруу кызматынын жетекчиси эски патронунун ишарааты менен президенттин жан сакчыларын алмаштырып же куралдарын алып коё алат. Президентти резиденциядан чыгарбай бейрасмий үй камагында калтыра алат. Бийлик ээсин теориялык жактан айтканда оңой эле нейтралдаштырып коюшу мүмкүн. Мына ушундай шартта Сооронбай Шарипович ким менен экендигин ачык жарыялап, чечкиндүү кадамдарга барышы зарыл. Анткени президенттин коопсуздугу бул мамлекеттин коопсуздугу деген сөз.

Булак: Kyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: