Menu

Эдил Байсалов: «Сапар Исаковдун сабатсыздыгын, ал жөн эле кагаз ташуучу экенин айтып келгем»

Бөлүшүү:

— Эдил мырза, азыр эле биз интервьюбузду аларыбызда жаңы маалымат тарады. Атамбаевге мамлекеттик резиденциянын ичинде жаңы үй курулуп берилиши боюнча. Муну бийлик “ал киши өзүнүн жеке эсебинен салып алды, бюджеттен акча кеткен жок, спонсордук жардам” деп сыпаттап атат. Сиз кандай пикирдесиз?

— Ооба, мен дагы бул маалыматты азыр эле окудум, биздин массалык маалымат каражаттары муну катардагы эле боло турган иштей беришүүдө. Бирок бул так ошол биз бир канча жылдан бери айтып келаткан мамлекетте орногон коррупциянын туу чокусу деп айта алам. Мындан башка бизге бир дагы далилдин деги кереги барбы? Алмазбек Атамбаев өзүнұн чөнтөгү менен мамлекеттин бюджетин башынан эле адаштырып алганын айтып келатабыз. Ал өзүн “мен долларовый миллионер болчумун башынан эле” дегенин былтыр мына Туркиялык Электромед ишканасы боюнча далилдеп бербедимби. Ал айткан 35 миллион доллар 26 миң доллар болуп чыгып калбады беле? Эми байкап көрсөңүз, мына жакында эле ага Албек Ибраимов мурунку “Физприбор” заводуна тийиштүү тилкеде килейген хан сарай куруп берип, аны Атамбаев 34 миллион сомго сатып алганын жарыялашкан. “Мына ошол үйдө президент жашайт” деп. Эми 89 миллион сомго мамлекеттик резиденциянын ичинде өз акчасына курса, деги биздин мурунку президентибиздин байлыгы каяктан чыгып атат деген суроону жаш бала деле бере алат, туурабы? Бүгүнкү билдирүүсү жалпы элди шылдыңдагандары. “Спонсорская помощь” деп айтышты, көрсө Атамбаев өз каражатына куруп алыптыр, “силерге эмне?” дегендери да. Спонсордук жардамды Атамбаев жетим балдарга көрсөткөн жок, өзү өзүнө килейген хан сарайды куруп алыптыр. Ал 7-апрель түнү кандай жашоо шартында камакка алынганын, биз унутуп калдыкпы? Эми мамлекеттик резиденциядагы дачалардан чанып, өзүнө хан сарай курганы үчүн биз аны макташыбыз керекпи? Жок, туугандар! Мунун артында эң чоң, классикалык коррупция жатат. Мындай көрүнүш жалгыз гана африкалык диктатураларда кездешет. Биз мунун тергөөгө алынышын талап кылышыбыз керек. Мамлекеттик бюджеттин эсебинен эмес дегендери да туура эмес. Биринчиден, ал жер мамлекетке тийиштүү. Экинчиден болсо, мына 2017-жылкы бюджетти алып көрсөңүздөр ошондо өзгөртүүлөр киргизилип атканда «58 миллион сом ар кайсы булактардан алынып, бир кредитти жаптык» деп жазылып турат. Мен тендери жок курулуш өткөзүлгөнүн, же калгандарын айтпай эле коёюн. Деги бир миллион 300 миң долларга 141 чарчы метр үйдү элестетүүгө болобу? Алтындан унитаз орнотсоңор дагы акылга сыйбайт. Бул хан сарай кимдин эсебинен, жана кайсы булактардан курулганын изилдеп чыгышыбыз керек. Бул азыркы Жогорку Кеңеш жүргүзө албаса, келечекте ишке сөзсүз ашырылчу талап.

 Ушул жума КСДП партиясынын съезди болгону жатат. Андан кандай көз карашты, кандай жаңылыкты, эмнени күтсөк болот?

— Баардыгын күтсөк болот. Атамбаевдин өзүнүн кызыкчылыгында эртеңки партиянын жыйналышын формалдык эле өткөзүп, жабык эшиктин артында өзүнүн шайланышын бекитип, таркап кетишсе. Бирок баягыдай катуу бир жарылат го бул кайран киши. Көрүп-билип калбадыкпы. Ислам Каримов менен Москвадагы Жеңиш парадында жакалашкан, Абий деп жалынган Эрдоганды «посылать» эткен, жакында эле Назарбаевди «ууру» деп сөккөн кишиден баардыгын күтсөк болот. Булардын азыр бир эле сөзү калды. Көрсө биз Жээнбековдорду жаңы Бакиевдердей жек көрүшүбүз керек экен. Бир канча жумадан бери Атамбаевдин прессасы ошону бизге ынандыруу-пропаганда аракетинен чарчаган жок. Бүгүн мына КТРКда “үй-бүлө-кландык режимдин коркунучу” деп Жээнбековдорду мокочо кылып көрсөтүп атышат. Кыргыз элин жаш баладай көрүшөт. Атамбаев шоопурун баш вазир, жан сакчыларын генерал, секретаршаларын министр кылганын биз унутуп калышыбыз керек экен да. Ал кландык башкарууга жатпайт экен да. Так Атамбаевдин өзү Бакиевдердин бүт сүйүктүү балдарын премьер-министр, башкы прокурор, улуттук банк менен телевидениеге жетекчи кылып дайындабады беле? Аны дагы биздин элибиз унутуп калдыбы? КСДПнын тизмесин тазалайм дейт. Кокуй, ошол тизмени шоопуруң экөөң түзбөдүңөр беле, ал эле партияныкын эмес, калгандарын дагы. Жогорку Кеңеште толугу менен Атамбаев жеке өзү тандагандар отурат, калгандары камакта же айдалып кетти. Мурун “бийликти иштетпей атышат, митинг өткөзүп атышып, жүдөтүштү” деп айткан атамбаевчилер эми өздөрү митинг өткөзгөндөрү кандай деги? Эки жүздүүлүк деп ушуну айтыш керек.

 Өкмөттүн тагдыры да татаалдашып баратат. Депутаттар трибунадан Өкмөт отставкага кетиши керек деп үн ката баштады. Исаков жаздан чыкпай калды деген маалымат ишке ашабы?

— Мен башынан эле Сапар Исаковтун сабатсыздыгын, ал жөн эле клерк деңгээлиндеги катардагы кагаз ташуучу экенин айтып келгем. Кээ бирөөлөр бул сөздү түшүнүшкөн эмес. Бирок мен дайыма айтам, өкмөткө жана министрликтерге саясатчылар гана шайланып, элдин таламын талашып, элдин ишенимине ээ гана лидерлер келиши керек деп. Сапар Исаков эч качан жоопкерчиликти мойнуна ала албайт. Мына Бишкек ЖЭБде кризис жаралганда, ошол жерге барып “бул самолётту пилоттор гана айдай алат” деп басып кетти, шаарга беш палатка тигип жүрдү. Баш калааны тоңдуруп коюшмак толугу менен. Дагы жакшы журналисттер суроо берип атып, жаңы блокту сайдыртышты. Мына эң жөнөкөй мисалды айтып атам. Акыркы сегиз жылдын ичинде баардык чечимдер ушул Исаковдун деңгээлинде жүргүзүлгөнүн, андан кандайдыр бир сыйкырды күтпөгүлө деп айткам. Мына эми азыр “Хуавэй” менен келишимди жокко чыгардык деп кайра бизге мактанып атышат. Аны “сен өзүң ошол келишимге кол койбодуң беле?!” деп суроо берип, такалачу киши жок. Биз ошондо эле айтканбыз, 60 миллион доллар өтө чоң сумма, биринчи техникалык планды, бюджетти такташыбыз керек деп. Эми биз айткан сөздү түштөн кийин айтып өзүн кайра мактап атат. Бул көрүнүш баардык эле жакта. Бирок мени эң ирээнжиткен бир окуя бул 250 миллион сомду башкы прокуратурага бюджеттен сырткары кол коюп берүү боюнча болду. Сапар Исаков калп эле жетим-жакырлар менен сүрөткө түшүмүш болуп, иш жүзүндө «социалдык жардамды” прокурорлорго көрсөттү. Калгандарыбыз үчүн акча жок, прокурорлорго каяктан табылып атат?

— Ал акчаны прокуратура мамлекет үчүн тапкан каражаттын 30 пайызы деп айтышпадыбы?

— Бул карандай калп. Биринчиден, актанып өкмөт «бул каражатты биз соттун чечимине ылайык “башкы прокуратурага бөлүнүп берсин” деген өкүмүн аткардык деп айтышты. Бул калп. Эч качан соттор антип айткан эмес. Экинчиден, баланча мыйзамда жазылып турат «прокуратура мамлекетке кайтарган олжонун 30 пайызына укуктуу” деп айткандары да жалган. Туура, ал мыйзам ошентип жазылып турат, бирок чечимди өкмөт кабыл алат. Ошол мыйзамга ылайык бөлүп берүүнү өкмөт чечет да, туурабы? Эмне себептен, мисалы, Индира Жолдубаевага ошончо эбегейсиз каражатты бөлүп бергенге мурунку премьер-министр Сооронбай Жээнбеков макул эмес болду? Анткени ал киши көрүп турат, социалдык муктаждык ушунча курч болуп турса, бюджетте акча негизги керектүү статьялар жетишпей атса, андайга баруу оюна да келмек эмес. Сапар Исаков болсо оңой эле, бул сумманы бөлүп берип коюп атпайбы. Эми эң негизги суроо: булар мактанып, биз баланча каражатты мамлекеттик бюджетке кайтардык, ошол үчүн “социалдык жардамга” укуктуубуз деп айткандары бул кайра эле элди алдоо. Айтылып аткан беш миллиард сомду эмне булар бир башка жактан утуп келишти дейсизби? Жок, бул “Мегакомдун” эсебинде эле жаткан каражат. Аны мамлекетке кайтаруу боюнча сотко Жолдубаева эмес, Аида Салянова кайрылган. Бул боюнча Жогорку Кеңештин комиссиясынын атайын чечими дагы бар. Соттор албетте Елисеевге «кагаз бетиндеги жалган кредиттер кайтарылып берилсин” деп өкүмдү өмүрүндө чыгарышмак эмес. Эми ушуга биз Жолдубаевага 250 миллион сомдук алкыш айтууга милдеттүүбүзбү, урматтуу Сапар Жумакадырович? Бул жөн эле калп. Мунун дагы артында шектүү себептер турат. Күчтүү, элдик премьер-министр эч качан прокуратурага жөн жерден бюджеттен сырткары мындай эбегейсиз белекти сунмак эмес.

— “Новые Лица” деген гезитке Сапар Исаков “мага убакыт керек, экономиканы көтөрүп атам” деп катуу интервью бериптир. Чын эле экономиканы көтөрүп, катыра иштеп атабы?

— Экономика башынан эле талкаланды. Булар оңдой албайт. Ээрге “Лигласс” менен эле кыйшык отурушкан. Биздин боорукер элибиз “эми мына үйрөнүшөт” дейт. “Хуавэй” менен келишимди булар төрт ай даярдашты, аягы эмне менен бүттү? Жок, туугандар, бөрү баласы ит болбойт. “Рожденный ползать летать не может”. Орусчасы катуураак угулса кечирип коюңуздар, бирок “истина дороже”. Мен мына акыркысын эле айтайынчы, калгандарын чукулабай. Мына мактанып атат “биз эки айда, январь-февралда 2 миллиарддык бюджеттик профицитке жетиштик, мындай эч качан болгон эмес” дейт. Туура, болгон эмес. Бул өкмөт эки айда төрт миллиардга узак мөөнөттүү ГКО облигацияларын сатып, карызды дагы көбөйтүштү. Аны 12 пайызга алып аткандарын биз эсепке алсак, ошол профициттин, башкача сөз менен айтканда казынадагы ашыкча каражаттын бизге бир эле айда баасы жок эле дегенде 20 миллион сом экенин эмне айтышпайт? Ушуну менен дагы мактанышабы? Бул өкмөттү биз кетиришибиз керек. Булардын жалгыз функциясы — ​Атамбаевдин бийлигинин мөөнөтүн узартуу болчу. Жетишет! Мамлекетибиз жаш балдардын оюнчугу эмес. Аларды тайраңдатып, биз эмне үчүн алтындай болгон убакытты коротушубуз керек? Ар бир уттурган күнүбүз келечекте бир жылга артта калганыбыз. Бир кишинин кызыкчылыгынан жалпы кыргыз элинин кызыкчылыгын өйдө коюшубуз милдет!

Булак: Elnews

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: