Menu

Атамбаев парламентти колдон чыгарды, лидерлер кимдин этегин кармайт эми?

Бөлүшүү:

Эки президенттин тирешүүсү парламенттеги партия лидерлерине да кыйынчылык жаратууда. Мурунку президент  парламенттеги таасирин толук жоготуп, өзүнүн фракциясын колдон чыгарганы ачык байкалды. Өткөн аптада Равшан Жээнбеков менен Рыскелди Момбеков “Марал” радиосунун түз эфирине талкууга барганда, Равшандын ушул пикирине Рыскелди мырза баш ийкеп, туура экенин билдирди. Атамбаевдин этегине жармашып, анын шинелине баш каткан фракциялар мындан нары кимдин этегине жармашат? Президент Жээнбеков алардын Атамбаевди сатып кеткенин көрүп туруп, короосуна киргизеби? Бул маселе айрыкча эки фракциянын башын оорутчу иш. Президенттик шайлоодо Бабановду колдоп, премьер-министр болом деген Бакыт Төрөбаев шайлоо бүтөрү менен Атамбаевге жагалданып, “Сиз бизди саясатта бышырдыңыз…” деп башын ийип, АШАнын “дарысын” алган. Төрөбаев кайрадан Атамбаевге ачык күрөшкө чыга албайт, бир жолу шагы сынган. Ал жаңы короого Асылбек Жээнбековдун тегерегине чогулуп жаткан топко сүрөөн гана болуп берип тура алат.

Канат Исаевди АШАнын көрсөтмөсүнөн кийин лидерликтен кетирген “Кыргызстан” фракциясынын лидери Алмазбек Баатырбеков саясий айдыңда салмагы жок фигура. “Кыргызстандын” тагдырын чечүүгө анын чамасы да жетпейт. Алкомагнат Шаршенбек Абдыкеримов багытты аныктай турганы белгилүү. Шаки да саясатчы эмес, ал бизнесмен. Бизнесин сактоо үчүн кайсыл бийлик болбосун иштешүүгө аргасы жок. Бирок, ал дагы КСДПнын шинелинен чыккан партиянын   көмүскө кожоюну болгондуктан, Атамбаевдин командасына каршы турушу арсар. “Бир бол” толугу менен шайлоодо Сооронбай Жээнбековго иштеди. Бул фракциянын депутаттары саны аз болгону менен саясатта өз орду барлар. Алар толугу менен Жээнбековдун короосуна кире тургандар. “Ата-Мекен” АШАга жакын жолобойт. Алар андан өч алууну гана көздөп турушат. КСДП эки жээкке бөлүнүп, ич ара ырылдашканга туура келет. Алардын катарында басымдуу бөлүгүн бизнесте жүргөндөр түзгөндүктөн, кимдин тараза ташы оорлосо, ошол тарапка ооп кетмейлер. АШАга тирөөч болуп Карамушкина менен 2-3 депутат гана калышы мүмкүн. Рыскелди Момбеков туурасын айткандан кайра тартпайт. Бабановдун РАЖы азыр эле Жээнбековдун этегине кире качкан.

Булак: Жаны Ордо

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 12 − = 9

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: