Menu

Чолпонбек Абыкеев: “Атамбаевдин кайсыл иштерди баштаганына Кудай акы башым жетпей койду”

Бөлүшүү:

Атамбаевдин кайрадан саясатка аралашуусу тууралуу маалыматтар чыга баштады. Ал түгүл экс-Президентти “катуу сүйгөндөр” “Сөзсүз аралашуусу керек, көп иштерди баштаган (Кайсыл иштерди баштаганына Кудай акы башым жетпей койду) ошол баштаган иштерин аягына чыгарышы керек”- деп да жазып жиберишти.

Эгер бүгүнкү коомдогу абалга карап А.Атамбаевдин кайра саясатка аралашуусун талкууласак анда мындай жыйынтыкка келмекпиз. А.Атамбаевдин саясатка кайра аралашуусу өтө чоң жаңылыштыгы болмок. Эгер кайрадан СДПК партиясына төрага болуп, анан андан да обдулуп мамлекеттик жогорку кызматтарды көздөсө, өз тагдырына өзү балта чапканы. Президенттик орунга жабышпай, тынч жол менен шайлоо өткөзүп кызматын бергени үчүн бүгүн эл А.Атамбаевди барктап турат. Эгер кайра бийлик сересине жулунганы ачыка чыкса, ушул бүдүрдөй кадыр-баркынан да айрылат.

Туура, А.Атамбаев кайра саясатка келсе аны колдогондор чыгат. Себеби, мамлекеттик кызматта отургандардын дээрлик бардыгы анын кадрлары. Мындай болсо коомдук пикир экиге бөлүнөт. Көпчүлүктү түзгөн элдик пикир, анан А.Атамбаевди колдогон чакан топ болуп тирешүү башталат. Бул тирешүүдө бүгүнкү Президент С.Жээнбеков эл тарабына өтөт деп ойлойм. Анткени кантсе да аны эл шайлап ишеним берди. Бүгүн элдин Президент С. Жээнбековго болгон ишеними чоң. Мамлекеттик кызыкчылык, улуттук кызыкчылык үчүн С.Жээнбеков досунан бөлүнүүгө аргасыз болот. Антпесе үчүнчү революция чыгып кетүү коркунучу пайда болот. Анда баарынын сайда саны калбай калаары ачык иш. Коомдогу тынчтыктын кепили болуу Президенттин гана колундагы иш болуп калат.

Кандай болгон күндө да “Эртең кызматымдан кол жууйм го” деп корккондордун көкүтүүсүнө алданбай, А.Атамбаев туура акыл жүгүртүп, саясатка аралашпай, аксакал катары кеңеш берип туруучу тынч жашоого өтсө, досу анын бул эмгегин туура түшүнүп, кадыр-баркын кетирбей сактайт эле.

Булак: Жаны Ордо

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: