Menu

Мамлекеттик казынадан миллиондорду уурдагандар качан жазаланат?

Бөлүшүү:

Урматтуу Сооронбай Шарипович, коррупцияны  Ө. Бабановдон баштайм дедиңиз эле, тилекке каршы коррупция Ө. Бабановдон эмес, бийлик бутактарынан чыгып жатканы жана ага карата эч кандай чара көрүлбөй жатканы өкүндүрүп келет. Мисалга алсак, ЖЭБдеги 386 миллион доллар акчанын санын болоор-болбос шаймандарга кетиргендиктери! Кыргызстан балдарга жөлөкпул үчүн  500 сом бере албай жатып 600$га кычкач алганы чоң уят. Экинчиден, Ала – Тоо конушундагы Нурсултан Назарбаев атындагы 82-мектеп иштегенине эки жылдын жүзү болбой жатып чөгө баштады. Ал мектепте эки миңден ашуун окуучунун өмүрү коркунучта турат.

Президент кыргыз элинин ар бир башын коргоо үчүн, керек болсо жерибиздин ар бир ташын коргоо үчүн шайланат!! Эмнегедир бир миллион доллар үчүн Ө. Текебаев соттолгон. Кыргыз элимди ошол эле коррупцияга малынган Кумтөр кенин коргоо үчүн ууланып жаткан жаратылышын айтам деп Садыр Жапаров 14 жылга соттолгону, болоор – болбос коррупция деп Алмамбет Шыкмаматов беш миллион сомго айыпка кесилишти!!

Бирок канчалаган Кыргыз элим кычыраган кышта суукта тоңуп, мектептеги окуучулардын өмүрү коркунучта турса да үн катпай отурганыңыз баарыбызды түйшүккө салды! Мен ишенем, “Айтылган сөз атылган ок” дейт. Сиз президент катары талдап, баарын тиешелүү жазага тартат деп! Жаза десе кызматтан алуу эмес, ар бир коррупционер сот жообуна тартылышы керек! Себеби элге деп жериңди кепилдикке коюп алган кредиттерди эл пайдалануусу керек. Болбосо алгандын бергени бар эмеспи! Министрлер баш болуп, өкмөт башчылары, жада калса көзөмөлгө албаган экс-президент да керт башы менен жооп берүүгө тийиш!

Урматтуу Сооронбай Шарипович, пенденин оозунда болсо, Алланын кулагында дейт, сиз коррупция менен күрөшөм дедиңиз, оозуңуздан чыккан сөзгө Алла Таалам өзү колдоп, коррупуциянын бетин ачып берүүдө. Сиз болгону чара колдонушуңуз керек! Кыргыз эли чоң үмүт менен ишиңизге ийгилик гана каалайт!!!

Автор: Бахридин Мамырали уулу

Булак: Жаны Ордо

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 6 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: