Menu

Шаирбек Бопонов, милициянын полковниги: «Биздин кызмат ардактуу да, жооптуу да»

Бөлүшүү:

Бүгүнкү күндөгү, чоң-кичүү дебей, шаарларыбыздын негизги көйгөйү автоунаалардын кыймылына байланышкан жолдордогу, көчөлөрдөгү тыгын маселеси. Мындай кырдаал айрыкча баш калаабыз Бишкекте өзгөчө көйгөйлүү. Мына ушул кырдаалды жөнгө салууда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгына караштуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу башкармалыгынын кызматкерлери күн-түн дебей алпурушуп келүүдө. Төмөндө аталган башкармалыктын начальниги, милициянын полковниги БОПОНОВ Шаирбек Исраилович менен болгон маекти жарыяламакчыбыз.

— Бүгүнкү күндө автоунаа каражаттары эң көп чогулган жер, демек, көйгөй көп жер — ​Бишкек шаары. Мына ушуга байланыштуу борбор шаарда кырдаал кандай?

— Жол коопсуздугун камсыз кылууга байланышкан кырдаал оор. Себеби, Бишкекте 418 миңдей автоунаа катталгандыгын, ошондой эле күн сайын сырттан 180 миңдей автоунаа каражаттары кирип-чыга тургандыгын айта турган болсок, кырдаал өзүнөн-өзү түшүнүктүү. Мындан тышкары шаарыбыздын көчөлөрү жыл сайын оңдолуп, жакшырып бараткандыгына карабастан, жолдордун акыбалы талапка ойдогудай жооп берет деп айтууга болбойт.

— Учурда борбор шаарда жол кырсыктарына байланышкан жагдай кандай болууда?

— Өткөн жылдын 12 айында Бишкек шаарынын аймагында бул багытта 2289 (1352) кырсык катталып, мурдакы жылга салыштырмалуу 917ге көп болгон. Анын натыйжасында 69 (– 40) киши каза болгон. Тилекке каршы жарадар болгондордун саны өсүп кеткен, башкача айтканда 2896 (+1139) учурду түзгөн.

— Жолдордун сапаты жолдо жүрүүнүн коопсуздугун камсыз кылуу менен байланыштуу экендиги талашсыз. Бул багытта шаардык ЖККК башкармалыгы тарабынан кандай иштер аткарылып жатат?

— Бишкек шаарынын жолдору менен көчөлөрүндө жол кыймылынын коопсуздугун жакшыртууну уюштуруу максатында 132 көчө-жол тармагы биздин кызматкерлер тарабынан текшерүүдөн өткөрүлдү. Анын натыйжасында көчөлөрдү жана жолдорду күтүүдөгү 642 кемчилик аныкталып, аларды четтетүү боюнча тиешелүү мамлекеттик органдарга жазма эскертүүлөр берилди. Мындан тышкары көрсөтүлгөн кемчиликтерди өз убагында четтетпегендиги үчүн түрдүү мекемелердин жетекчилери Кыргыз Республикасынын административдик жоопкерчилик жөнүндөгү Кодексинин талаптарына ылайык 104 протокол түзүлдү. Ошондой эле көчө-жол тармактарын жакшыртуу, автоунаа кырсыктарын азайтуу, жол кыймылын оптималдаштыруу боюнча Бишкек шаарынын мэриясына 26 сунуш жиберилген.

— Жаш балдар кабылган жол кырсыктарына байланышкан акыбал кандай?

– 2017-жылдын 12 ай аралыгында балдар катышкан жол кырсыктарынын саны мурдакы жылдагыга караганда 5,1%га (495–470) аз катталды. Каза болгон балдардын саны 76,9%га (13–3) азайды.

— Жол кырсыктарынын кайсыл түрлөрү басымдуулук кылат?

— Жол кырсыктарынын статистикасын жогоруда айтып кеттим. Бул жааттагы кырсыктардын көпчүлүгү жөөлөрдү сүзүп кетүү (1235 учур) менен байланышкан.

— Кырсык болгон жерден айдоочулардын качып кетүүсүнө байланышкан учурлар кандай?

— Өткөн жыл ичинде жол кырсыгы болгон жерден изин жашырып качып кетүүнүн учурлары 689ду түзүп, бул көрсөткүч мурдагы жылга караганда 340 учурга (+ 49,3%) өсүп кеткен. Бул жаатта каза тапкандардын саны 4тү түзүп, мурдакы жылга салыштырмалуу 15 учурга аз болгон. Ал эми жарадар болгондордун саны дээрлик 50%га өсүп кеткен. Өкүнүчтүү жери — ​жогорудагы качып кеткен 735 айдоочунун 281и гана кармалып, жоопкерчиликке тартылды.

— Шаардык ЖККК башкармалыгынын кызматкерлери мас айдоочуларга карата кандай иш-чараларды жүргүзүшүүдө?

— Бул багытта жүргүзүлгөн рейддердин натыйжасында өткөн жыл ичинде алкоголдук ичимдиктерди ичип алып, автоунаа башкарган 2330 (– 693) айдоочу кармалып, сот тарабынан тийиштүү чаралар көрүлгөн. Алардын ичинен 48 (– 1) айдоочу мас абалында жол кырсыгына учураган.

Кошумча айтып кетейин дегеним — ​мас айдоочуларга Кыргыз Республикасынын Административдик жоопкерчилик жөнүндөгү кодексинин 238-беренесинин талабына ылайык 10 миң сом жазапул же 1 жылга айдоочулук укугунан ажыратуу жазасы каралган. Тилекке жараша, соттор акыркы мезгилде жазапул салууну эмес, айдоочулук укуктан ажыратуу практикасына көңүл бурушууда.

— Жүргүнчүлөрдө айрыкча маршруттук таксилердин айдоочуларынын маданиятсыздыгына, жол эрежелерин одоно бузууларына нааразылыктар көп…

— Туура. Калк айтса калп айтпайт дейт. Сиз айткан жагдайларга өзүбүз да күбө болуп жүрөбүз. 2017-жылдын 12 айында бул багытта 37 рейддик иш-чаралар өткөрүлүп, маршруткалардын жана таксилердин айдоочуларына карата 1410 административдик протокол түзүлүп, 82 кичиавтобус айып төлөнүүчү жайга киргизилген.

— Мындан бир нече жыл мурда шаардык ЖККК башкармалыгында кыздар взводу болоор эле…

— Жол-кайгуул кызматында андай взвод болгон. Кыз-келиндердин үй-бүлөлүк шарттарына байланыштуу ал взвод жоюлуп кеткен. Бул жерде айтып кете турган нерсе — ​учурда Бишкек шаарынын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгында 9 аял — ​4 офицер, 5 сержант ийгиликтүү кызмат өтөөдө.

– 2 кишиге 1ден автоунаа туура келген проблемалуу борбор шаарда талаптагыдай жол коопсуздугун камсыз кылуудан өткөн оор нерсе жок экендиги түшүнүктүү. Ошентсе да…

— Ага карабастан, шаардык ЖККК башкармалыгынын 336 кишиден турган өздүк курамы учурдун талабын туура түшүнүп, сабырдуулук жана чыдамкайлык менен өз милдеттерин өтөшүүдө. Бишкек өлкөбүздөн саясий-административдик борбору болгондуктан, баш калаабызда ири эл аралык саясий, спорттук, майрамдык иш-чаралар тез-тез өткөрүлүп тургандыктан, мындай учурларда негизги милдет ЖККК кызматкерлерине жүктөлөөрүн эч ким жокко чыгара албастыр.

— Кызматтык милдеттерди аткаруунун натыйжасын жакшыртуу үчүн сиз жетектеген өздүк курам тарабынан дагы кандай иш-чаралар аткарылууда?

— Ар бир жаран ал кайсыл гана тармакта эмгектенбесин, өз милдетин туура жана өз убагында аткарса, анда ошол адам бүгүнкү учурдун талабын туура түшүнгөн аң сезимдүү, мекенчил адам болуп эсептелет деп ойлоймун. Бул нерсеге бүтүндөй эле ички иштер органдарынын кызматкерлеринин катарында Бишкек шаардык ЖККК башкармалыгынын кызматкерлери да түшүнүү менен, жүктөлгөн жоопкерчиликти сезүү менен мамиле кылып келүүдөбүз.

Жол-унаа кырсыктарынын алдын алуу, санын кыскартуу максатында биздин кызматкерлер радио-телеберүүлөр жана интернет булактары аркылуу соңку мезгилде 25 жолу үгүт-насаат иштерин жүргүздүк. Ошондой эле бул багытта борбор шаардын мектептеринде 143 жолу лекцияларды, 8 жолу семинар жана тегерек столдорду уюштурдук. 11 жолу аналитикалык маалыматтарды тараттык. 28-февралдан 14-мартка чейин шаарда “Көңүл бургула, балдар!” деп аталган дайыма аракеттеги комплекстүү рейддерди, бул багытта автожүрүштөрдү өткөрдүк, үгүт материалдарын таратуудабыз. Ошондой эле өткөн жылдын 26-декабрында, үстүбүздөгү жылдын 18-январында, 9-февралында жана 16-мартында жүргүнчүлөрдү ташып кызмат көрсөткөн мекемелердин, троллейбус башкармалыгынын, Бишкек автоунаа мекемесинин жетекчилеринин, адистеринин жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен түшүндүрүү, үгүт-насаат иштерин биргелешип алып баруу боюнча кеңешме өткөрдүк. Мындан тышкары жыл башынан бери Борбор шаарындагы унаа тыгындарын жөнгө салуу боюнча биздин кызматтын кенже тескөөчүлөрү тарабынан туруктуу иштер алып барылууда.

— Полковник мырза, сиз жетектеген өздүк курамдын ЖКККынын ардагерлер кеңеши менен байланышы, алардын аткарып жаткан иштери жөнүндө жөнүндө да айта кетсеңиз…

— Биздеги ардагерлер кеңеши ички иштер органдарындагы эң ири, жана эң активдүү уюм десем жаңылышпайм. 130дай ардагерлерден турган кеңеш дайыма биз менен байланышта. Аны милициянын отставкадагы полковниги, өз ишинин тажрыйбалуу адиси Жолдош Курамаев жетектеп келүүдө. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылууда жаштар менен, мектеп окуучулары менен, коомдук уюмдар жана массалык маалымат каражаттары менен иштөө биздин ардагерлер уюмунун негизги максаты. Ошондой эле жаш кызматкерлерди кесиптин сырларына үйрөтүү да ардагерлерибиздин негизги жана ардактуу милдети. Жаш кызматкерлерди кесиптин сырларына үйрөтүп, тажрыйба бөлүшкөн дагы бир ардагерибиз Виктор Паниклов тыгын учурларында жол кыймылын жөнгө салуунун мыкты адиси. Мындай ардагерлерибиз ондоп саналат. Сөзүмдүн аягында айта кетейин дегеним — ​февраль айынын башында президентибиз Сооронбай Жээнбековдун укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин ишмердигине карата айткан принципиалдуу мүнөздөгү сын-пикирлери Бишкек шаардык ЖККК башкармалыгынын өздүк курамынын алдына ого бетер бийик жоопкерчилик, күчөтүлгөн темп менен иштөө талаптарын коюп отурат. Мындан улам биздин кызматкерлерибиз эки эселенген күч менен аракеттенүү керектигин мыкты түшүнүшүүдө.

— Убакыт бөлүп, маек куруп бергениңиз үчүн рахмат!

 

Булак: Жаны Ордо

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 50 = 59

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: